Иранда Парламент төрагасы шайланды

Иранда туруктуу парламент төрагасы бир жылга шайланат.

500651
Иранда Парламент төрагасы шайланды

Иранда 10-чакырылыштагы убактылуу Парламенттин төрагасын шайлоолорун андан мурдагы мезгилдин парламент төрагасы Али Ларижани жеңип алды.

Жөнөкөй консервативисттерге жакындыгы менен билинген Лрижани 281 добуштан 173үн алды.

Башка талапкер реформист лидер Мухаммед Рыза Ариф 103 добуш алса, 5 добуш жараксыз болду.

Иранда жаңы чакырылыштагы эл өкүлдөрүнө ыйгарым укуктар берилген соң туруктуу парламент төрагасы шайланат.

Ларижанинин эки жумадан кийин өткөрүшү күтүлгөн бул шайлоону да жеңип чыгышына толук ишенич менен каралууда.

Иранда туруктуу парламент төрагасы бир жылга шайланат.



Тектеш кабарлар