Путин - Абе жолугушуусу

Путин Шинзо Абени Сочиде тосуп алды

486013
Путин  - Абе жолугушуусу

Орусиянын президенти В. Путин Япониянын премьер – министри Шинзо Абени Сочиде тосуп алды. Жолугушуу тууралуу басма сөзгө билдирүү жасаган Путин эки өлкөнүн күн тартибиндеги кээ бир маанилүү темалардын каралганын белгиледи. В. Путин : «Япония бир гана коңшубуз эле эмес. Азия Тынч океан аймагында негизги өнөктөшүбүз. Бул жолугушуулар өлкөлөрүбүздү кызыктырган темаларды сүйлөшүү үчүн бир мүмкүнчүлүк»,- деди.

Япониянын премьер – министри Абе да Путин менен жолугушуусунда эки өлкөнүн арасындагы саясий, экономикалык, маданий карым – катнаштар менен актуалдуу эл аралык темаларда пикир алышууларда болууну каалашкандарын айтты.

Путин – Абе жолугушуусунан кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат берди. Лидерлердин эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлде саясий диалогду өнүктүрүү тууралуу бирдей пикирде экендерин билдирген Лавров жолугушуулардын июнь айында тышкы иштер министрлеринин орун басарлары деңгээлинде улантыларын белгиледи. Жолугушууда экономикалык темалардын да каралганын айткан Лавров эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн арттырылуусу үчүн чоң инвестиция проектилерине көп көңүл бурушарын айтты.



Тектеш кабарлар