Бразилия Жайкы Олимпиадалык оюндарга даярбы?

Жайкы Олимпиадалык оюндар үчүн курулган бийиктетилген велосипед жолунун бир бөлүгү кыйрады

475801
Бразилия Жайкы Олимпиадалык оюндарга даярбы?

Бразилияда 2016 Рио Олимпиадасы үчүн Атлантика океанын жээгинде курулган бийиктетилген велосипед жолунун бир бөлүгүнүн кыйрашынан 2 киши көз жумду.

Жооптуу кызматкерлер кырсыктан 3 кишинин жабыркаганын билдиришип, бирок бул адамдардын абалы жөнүндө маалыматтарды берген жок.

Кыйроонун себеби азырынча белгисиз.

Рио-де-Жанейро шаарында, 5-21-август күндөрүнүн аралыгында 31-Жайкы Олимпиада оюндары өткөрүлөт.

Байиктетилген велосипед жолу олимпиадалык оюндар үчүн ишке ашырылган долбоорлордун арасында орун алса, бул кырсык Бразилиянын ушул ири иш-чарага даяр болуп же болбогондугу жөнүндөгү тынчсызданууларды күчөтүүдө.



Тектеш кабарлар