Баш калкалоочулардан виза талап кылынат
Баш калкалоочулар үчүн жаңы чектөөлөр киргизилди.
447176
![Баш калкалоочулардан виза талап кылынат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/dfe3/ce02/6355/56dfb42abd9ee.jpg?time=1719277777)
Сербия менен Словения баш калкалоочулар үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизди.
Эки өлкө тең чек арадан өтүүгө аракет кылган баш калкалоочулардан Европа Биримдиги визасын талап кылышат.
Сербия менен Словениянын бул ишке ашыруусу, Грециянын Македония менен чектеш Идомени кыштагындагы он миңдеген баш калкалоочунун башка Европа өлкөлөрүнө өтүүсүнө уруксат берилбей тургандыгын туюнтат.
Европа өлкөлөрү, ушул чара көрүүлөр аркылуу Балкан багытынан келген баш калкалоочулардын агымын токтотууну максаттоодо.