Чечен лидери кызматтан кетээрин жарыялады

Чеченстан автономиялуу республикасынын лидери Рамазан Кадыров саясаттан кете турганын жарыялады.

441769
Чечен лидери кызматтан кетээрин жарыялады

Орусияга караштуу Чеченстан автономиялуу республикасынын лидери Рамазан Кадыров саясаттан кете турганын жарыялады.

Кадыров бул чечимди Москва оппозициясынын ал тууралуу даярдаган жана аны «Орусиянын коопсуздугуна коркунуч» катары көрсөткөн отчетунун медиага чагылышынан кийин чыгарды.

8 жылдан бери бийликте турган Рамазан Кадыров, телеберүүдө чыккан репортажында мындан ары үй-бүлөсү жана диний эмгектери менен алектенгиси келгенин айтты.

Кадыров: «Кызмат мөөнөтүм толду, ордума башка бирөөнү тапкыла»,-деди.

Кадыровдун тарапташтары лидеринин чечимин өзгөртүүсү үчүн көчөлөргө чыккысы келди, бирок чечен лидер тарапташтарынын буга барбоосун суранды.

Чечен лидердин бул жарыялоолоруна карабастан, Орусияда федералдык кызматты аркалай ала турганы сүйлөшүлүүдө.

Чечен лидердин чечими Москвада либералдык оппозициянын Кадыров тууралуу отчетунан кийин дароо жарыяланды.

Кадыров, отчетту, жарыялана электе өз барагына коюп, «Ар ким бул отчетко олуттуу карабаганымды көрсүн», деген сереп салган.

Москваны жактаган саясат жүргүзгөн Кадыров, ар бир мүмкүнчүлүктө Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге баш ийе турганын сөз кылган. Орус оппозиционери Немцовдун 2 жыл мурда өлтүрүлүшүндө мунун да атынан сөз болгон. Чечен лидер өткөн күндөрдө бир либералдык саясатчыны да өлүм менен коркуткан.



Тектеш кабарлар