Урандынын астынан дагы бир аял тирүү чыгарылды
Ушундайча куткарылгандардын саны 170ке жетти.
429008
![Урандынын астынан дагы бир аял тирүү чыгарылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c2eb/fb1c/c60e/56b5ffd104bf4.jpg?time=1719039097)
Тайвандын түштүгүндө ишемби күнү болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 40ка жакындады.
Тайнань шаарындагы 17 кабаттуу резиденциянын урандысынан дагы бир аял тирүү чыгарылды.
Ушундайча куткарылгандардын саны 170ке жетти.
Урандынын астында дагы эле 100дөн ашуун кишинин бар экени божомолдонууда.
Ишемби күнү болгон жер титирөөдөн 10 имарат урап, 5 имарат болсо оор зыянга учураган.
Тайванда 1999-жылы болгон 7,6 баллдык жер титирөөдөн 2 миң 300 киши көз жумган.