Сирияда режим күчтөрү айрым жерлерди басып алууда
Режим күчтөрүнүн Орусия реактивдеринин колдоосу менен түркмөн айылдарына багытталган кол салуулары уланууда.
424333
- Сирияда режим күчтөрү Түркмөн тоосунда айрым айылдарды басып алды, кол салууда көп сандаган киши каза тапты.
- Режим күчтөрүнүн Орусия реактивдеринин колдоосу менен түркмөн айылдарына багытталган кол салуулары уланууда.
- Бир топ бутадан кол салган Асад күчтөрү Гөкдаг, Чардаклы, Аблаклы, Шерен, Карабажаклы айылдары менен айрым дыйкан чарба жана дөбөлөрдү каратып алды.
- Кагылышуулар Түркмөн тоосунун ортосунда орун алган Гебелли жана Гебере айылдарында тыгыз уланууда.
- Сирия мамлекеттик телеканалы да стратегиялык мааниге ээ Рабия районунун режим күчтөрү тарабынан каратылып алганы жарыяланды.
- Англия борборлуу Сириянын адам укуктарын байкоо үйүнүн директору, 3 багыттан Рабияны курчаган Сирия армиясынын 20 айылды каратып алганын айтты.
- Аймакта айыгышкан салгылашуу уланып жатканы белгиленди.
- Латакияга жакын жердеги аймак стратегиялык мааниге ээ болууда.
- Орусиянын абадан бомбалоосу менен райондун басылып алынышына колдоо көрсөткөнү сөз кылынды.
- Сирия армиясы өткөн аптада да стратегиялык мааниси болгон Салма районун каратып алган.
- Бир тараптан Сирия адам укуктарын байкоо үйү, Дейр-эз зурга жакын жердеги бир районго карай кол салууларында акыркы 48 сааттын ичинде 9у баладан турган 63 киши каза болгонун жарыялады.