Индияда сел

Апаатта каза болгондордун саны 120га жетти

419889
Индияда сел

Индиянын түштүгүндөгү Тамил Наду аймагында катуу жааган жамгыр себеп болгон сел апаатында каза болгондордун саны 120га жетти.
10 күндөн бери жаап жаткан катуу жамгыр жол ачкан апааттан улам көп сандаган үй жана иш жерлери суу астында калды. Тамил Наду аймагынын премьер – министри Жаярам Жаялалита апааттын себебинен борбордук өкмөттөн материалдык колдоо суранды. Аймакта бир топ жерде изилдөө – куткаруу иштери кайыктар менен жүргүзүлүүдө. Изилдөө – куткаруу иштерине армиянын бөлүктөрүда абадан жана кургактыктан жардам берүүдө.
Индия метеорология мекемеси жамгыр жаашынын аймакта 1 күн дагы улантыларын белгиледи. Өлкөдө өзгөчө муссон жамгырлары таасирдүү болгон мезгилдерде болгон сел апааттарында жүздөгөн киши каза болуда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар