Орусия Сириядагы абадан операцияларын күчөттү

Борбор шаар Дамаск, Халеб жана Идлибдеги кол салууларында 40тан ашуун киши көз жумду.

413671
Орусия Сириядагы абадан операцияларын күчөттү


Орус учактарынын бомбалоосунан Дамаск оор жоготууга учурады.
Оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Дума аймагындагы базар аянтына карай кол салууларында 6сы баладан турган кеминде 23 жаран каза болуп, ондогон киши жараланды.
Орус армиясына таандык согуштук учактардын Халебде оппоциячылдардын текшерүүсүндөгү отурукташуу жерлерине кол салуусунда да арасында аял жана балдар болгон 10 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.
Идлибдин түштүгүндө оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга кол салууларында болсо 8 жаран көз жумду.
Орус учактарынын кол салууларында көп сандаган ишкана, үй жана унаалар да жарактан чыгып калды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар