Кытайда экинчи балалуу болууга уруксат берилди

Пекин башкаруусу бүгүн чыгарган чечим менен өлкөдөгү «бир бала» саясатын соңуна чыгарды

403961
Кытайда экинчи балалуу болууга уруксат берилди

Пекин башкаруусу бүгүн чыгарган чечим менен өлкөдөгү «бир бала» саясатын соңуна чыгарды.
Синьхуа агенттигинин кабарында кытай коммунисттик партиясынын чыгарган жаңы чечими менен бардык жуптардын экинчи балалуу боло алары белгиленди.
Кытайдын үй – бүлө пландоо жана бир бала саясаты өлкөнүн ылдам өскөн калкынын санын көзөмөлгө алуу үчүн 1980 - жылы ишке кирген жана шаарларда жашаган үй – бүлөлөргө бир бала чегин алып келген болчу. Элет жерлеринде жашаган жуптар үчүн биринчи балдары кыз боло турган болсо экинчи балага уруксат берилген болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар