Венгрияда баш калкалоочу рекорду
Венгрияга бир күндө келген баш калкалоочу санынын 10 миңден ашып рекордго жеткени билдирилди
Баш калкалоочулардын өтүүсүнө тоскоол болуу үчүн Сербия чек арасынан кийин Хорватия жана Румыния чек араларына тикендүү сым тартуу иштери улантылып жаткан Венгрияга бир күндө келген баш калкалоочу санынын 10 миңден ашып рекордго жеткени билдирилди.
Коопсуздук директорлугунан берилген маалыматта кечээ 10 миң 41 баш калкалоочунун өлкөгө киргени, булардан 9 миң 939нун Хорватия, 102синин болсо Сербия аркылуу киргени белгиленди. Маалыматта айрыкча 2015 - жылдын башынан бери Венгрияга 242 миң 93 баш калкалоочунун келгени билдирилди.
Баш калкалоочу агымынан улам Венгрия өкмөтү өткөн күндөрдө Сербия, Словения жана Хорватия чек арасындагы аймактарда өзгөчө аймак жарыялаганын билдирип жана венгер парламентинде армиянын баш калкалоочу кризисине кийлигишүүсүнө уруксат берген документти кабыл алган.