Багдатта холера эпидемиясы

Ооруканага жаткандардын саны 141ге жетти

390931
Багдатта холера эпидемиясы

Ирактын борбор шаары Багдатта холера эпидемиясынын себебинен бир топ киши ооруканага жаткырылды. Багдаттын Эбу Гурейб районунда холера шектенүүсү менен ооруканага жаткырылгандардын саны 141ге жетти. Булардан 37синде оору аныкталып, 4 аял каза болду.
Холеранын ортого чыгуу себеби районго ичүүгө боло турган суунун бериле албашы. Райондогу суу проектилеринин көпчүлүгү токтотулду. Элет жериндеги кишилер кудуктан алынган сууну колдонушууда. Райондогу оорукана жаңы оорулууларды ала албай турган абалга келди.
Парламенттин саламаттык жана экология комиссиясынын мүчөсү Кутейбе ел - Жубури жарыялаган жазуу түрүндөгү маалыматында Багдаттагы холера менен ооругандардын санынын өсүүсү менен өзгөчө абал жарыялануусун суранды. Жубури Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, БУУ жана башка мекемелерди бул эпидемия менен күрөшүү тууралуу өкмөткө колдоо берүүгө чакырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар