Ципраз арызын берди

Грециянын премьер – министри Алексис Ципраз кызматынан кеткенин жана эрте шайлоолордун 20 - сентябрда болорун билдирди

337052
Ципраз арызын берди

 Грециянын премьер – министри Алексис Ципраз кызматынан кетти. Телекөрсөтүүдөн элге кайрылган Ципраз : «Дагы күчтүү өкмөттү куруу үчүн арызымы берүүгө президентке баратам. Сиздерден да дагы күчтүү өкмөт куруу үчүн жардам күтүүдөмүн»,- деди. Грециянын премьер – министри Алексис Ципраз кызматынан кеткенин жана эрте шайлоолордун 20 - сентябрда болорун билдирди. Ципраздын чечимине акыркы куткаруу пакетине каршы SYRIZA партиясынын ичинде 40ка жакын депутаттын каршы добуш берүүсү себеп болду. Өкмөттүн куткаруу пакетине колдоо берген депутат саны 300 мүчөлүү парламентте 118ге төмөндөдү. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар