Сирия маселесине дипломатиялык чечүүчү жол табуу аракети

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия маселесине дипломатиялык чечүүчү жол табуу үчүн ишке киришти.

332391
Сирия маселесине дипломатиялык чечүүчү жол табуу аракети

Коопсуздук кеңеши, Сирияда 4 жылдан бери уланып келе жаткан жарандык согушту соңуна чыгаруу максатында сүйлөшүү процессинин баштатылуусу сунушун кабыл алды.
Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистуранын, тараптардын ортосунда төрт негизги тема боюнча иштөө топтору түзүлгөндөн кийин сүйлөшүүлөрдүн баштатылуусу сунушу бир добуштан кабыл алынды.
Кеңештен маалымдалгандай толук кандуу өткөөл өкмөттүн курулуусу керектиги да баса белгиленди.
Коопсуздук кеңеши бул чечим менен акыркы эки жылдын ичинде Сирия темасында биринчи жолу саясий кадам таштаган болду.
Орусия элчиси БУУнун Сирияга байланыштуу алгач ирет ушундай маанилүү саясий чечим чыгарганын баяндап, Франция элчиси да бул чечимди тарыхый деп мүнөздөдү.
Бул учурда АКШнын жетекчилигиндеги эл аралык коалиция күчтөрүнүн ДАИШке карай операциялары уланып жатат.
Бириккен орток кызмат күчү, коалиция күчтөрүнүн Ирак жана Сириядагы ДАИШ буталарына карай 18 абадан чабуул жасаганын билдирди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар