Иранда атом байытыла бермекчи

Рухани: « Атомдук сүйлөшүүлөрдөгү акыркы келишимде жетишилген ийгилигибиз кечээки кыялдардан алда канча алдыда»-деди.

312261
Иранда атом байытыла бермекчи

Ирандын президенти Хасан Рухани, өлкөсү менен 5+1 өлкөлөрүнүн ортосунда жетишилген атомдук келишимдин «сен да пайда тап, мен да пайда табайын» деген келишим болгонун айтты.
Ирандын мамлекеттик телеканалында сөз сүйлөгөн Рухани, « Атомдук сүйлөшүүлөрдөгү акыркы келишимде жетишилген ийгилигибиз кечээки кыялдардан алда канча алдыда» деген серебин салды.
Келишимдин натыйжасында Ирандын аскердик же индустриялык сырларынын жарыяланышына уруксат бербей тургандарын да баса белгилеген Хасан Рухани, Ирандын атомдук тармактагы жетишилген ийгиликтерин уланта тургандарын белгиледи.
Рухани Фордо уран байытуучу ишканаларына шилтеме кылып, «Биздин уранды байытууга муктаждыгыбыз бар. Фордону курдук жана аны аягына чыгарабыз»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар