Сирияда жана Иракта террордук уюмга чабуул жасалды

Америка Кошмо Штаттары баштаган эл аралык коалиция күчтөрүнүн, террордук уюму ДЕАШ менен күрөшүүсү жүрүп жатат.

346454
Сирияда жана Иракта террордук уюмга чабуул жасалды

Уюмдун Сирия жана Ирактагы буталарына карай, жаңы чабуул уюштурулду.
Табигый чечкиндүүлүк операцияларынын бириккен шериктеш кызмат күчүнүн жарыясына караганда, коалиция, согуш, бомбалоо жана алыстан текшерилген учкучсуз учуучу учактары менен Сирияда абадан 9 чабуул жасалды.
Хасеке жана Ракканын жанында болгон үчтөн аба чабуулунда уюмдун тактикалык бөлүктөрү, салгылашуу позициялары жана куралдары жок кылынды.
Кобанинин айланасындагы эки кол салууда да, уюмдун тактикалык бөлүктөрү жана куралдары бутага алынып, Халебге жакын жерлерге да чабуул уюштурулду.
Коалиция күчтөрү Иракта да абадан 14 чабуул жасаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар