Кытайда тайфун
Чан – Хом тайфунунан улам 20 миңге жакын киши коопсуз аймактарга жиберилди
Кытайдын чыгыш жагына ылдам жакындап келе жаткан Чан – Хом тайфунунан улам 20 миңге жакын киши коопсуз аймактарга жиберилип, 20 миң балыкчы кемеси да портко чакырылды.
Синьхуа агенттигинин берген маалыматына караганда Чан – Хом тайфуну Жижианг аймагынын түштүк – чыгыш жактарында абдан чоң ылдамдыкка жетишти. Өлкөнүн чыгыш жактарында орун алган Шанхайда да тайфун белгиси берилди.
Армия куткаруу ишине жана саламаттык кызматкерилери чукул жардам берүүгө даярданды. Өлкөдө транспорт токтоду. Учак, поезд жана деңиз каттамдары токтотулду. Автобус каттамдарында да абдан чоң аксоолор болууда. Тайфун жакын өлкөлөргө да таасирин тийгизди. Япониянын Киодо аралында 20 киши жараланды.
Тайван жана Филиппиндерде да материалдык чыгым болду. Линфа тайфуну эки үн мурда Кытайдын түштүгүндөгү Гуандонг провинциясын таасири астына алып, аймакта 31 миңден ашуун киши коопсуз аймактарга жиберилген.
Тектеш кабарлар
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.
АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду
Аризона штатынын борбору Фениксте 46 градуска жеткен ысыктан улам 6 киши каза болду.