«Кулчулуктун символу» болгон байракка тыюу салынды

Байрак бүгүн азем менен түшүрүлөт

344532
«Кулчулуктун символу»  болгон байракка тыюу салынды

АКШнын Түштүк Каролина аймагында парламенттин имаратынын алдындагы конфедерация байрагынын түшүрүлүшү тууралуу долбоору мыйзамдаштырылды. Байрак бүгүн азем менен түшүрүлөт. Байрактын илинүүсүнө «улутчулдуктун жана кулчулуктун символу» деген негиз менен тыюу салынуусу кааланып жатат. Байрак азыркы илинген жерине биринчи жолу 1962 - жылы илинген болчу. Өлкөдө конфедерация байрагы тууралуу талаш тартыштар мурунку жылдарда да болгон. Бирок кара кишилер барган тарыхый чиркөөдө 9 киши каза болгон улутчул кол салуулар маселени кайрадан күн тартибине алып келди.
Кол салууну жасаган канкордун сөзү болгон байрак менен тартылган фотографияларынын жарыялануусу байрактын алынуусуна байланыштуу процессти ылдамдатты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар