Кытайдын тыюу салуусуна каршылык көрсөтүлдү

Дүйнөлүк мусулман аалымдар биримдиги Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагында ишке ашырган орозо кармоого тыюу салуу чечимине каршылык көрсөттү.

318832
Кытайдын тыюу салуусуна каршылык көрсөтүлдү

Дүйнөлүк мусулман аалымдар биримдигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кытайдын мусулмандардын укук жана диний ишеничтерине урмат-сый көрсөтсүн деген чакырык ташталды.
Кытай өкмөтүнөн мусулмандарга байланыштуу чечиминен баш тартуусу талап кылынса, Ислам Кызматташтык Уюму жана эл аралык уюмдардын да Кытайдагы мусулмандарды коргоо үчүн керектүү иштерди жасоого чакырылды.
Билдирүүдө: «Өзгөчө Синьцзян-Уйгур автономдуу аймагындагы мусулмандарга каршы ишке ашырылган диний жана этникалык кысым көрсөтүү кыймылдары, эл аралык мыйзамдарга дагы Кытайдын жергиликтүү мыйзамдарына дагы туура келбейт. Кытай өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан саясаты, өзү да бекиткен 1949-жылдагы 4-Женева келишимине дагы терс. Бул болсо эл аралык заманбап мыйзамдардын эң маанилүү негиздеринин биринин ачык түрдө бузулгандыгын көрсөтөт»,- деп жазылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар