Wikileaks жаңы документтерди жарыялады

60 миң документтин арасында, эң көп Сауд Арабияга байланыштуу маалыматтар орун алды.

312740
Wikileaks жаңы документтерди жарыялады

2010-жылы Америка Кошмо Штаттарынын дипломатиялык маалыматтарын жайып жиберип дүйнө күн тартибинде ордун тапкан интернет барагы Wikileaks, жаңы документтерди жарыялады.
Жарыяланган 60 миң документтин арасында, эң көп Сауд Арабияга байланыштуу маалыматтар орун алды.
Булардан эң кызыгы Булуң өлкөлөрүнүн Египеттеги төңкөрүштөн кийин мурдагы лидери Хүснү Мүбаректин эркин кое берилген учурунда Каирге 10 миллиард дорллар сунуштоосу. Бул документтин 2012-жылга таандык экендиги божомолдонууда.
Документтердеги башка маанилүү нерселер террор уюму Аль-Каиданын лидери Усаме бин Ладендин уулу Абдуллах бин Ладендин АКШдан атасынын өлгөнү жөнүндө документ талап кылганы.
АКШнын Рияддагы консулдугу жооп катында аскердик операциянын жыйынтыгында өлтүрүлгөндөргө байланыштуу документ берилбегенин билдирип, мунун ордуна Американын сотторунун Бин Ладендин өлүмүн тастыктаган каттоолорун жибериптир.
Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлиги болсо жарыясында документтерди түздөн-түз төгүнгө чыгарган жок, бирок атуулдарын «жасалма болушу мүмкүн» документтерге алдырбоо жана жайбоолору боюнча эскертти.
Wikileaks барагы 500 миң документти да алдыбыздагы апталарда жарыялай турганын маалымдады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар