Кытайда кеме кырсыгы

Чөккөн кемедеги жүргүнчүлөр үчүн куткаруу иштери жүрүп жатат.

300531
Кытайда кеме кырсыгы



450дөн ашуун кишини ташыган кеме өлкөнүн түштүк-чыгышында чөктү.
Кырсык туристтик саякаттар жүргүзүлгөн Янцзы дарыясында болду.
Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү 50 жаштан 80 жашка чейинки жаш курактагылар.
Туристтерди ташыган кеменин катуу шамалдын себебинен чөккөнү божомолдонууда.
Чөккөн кемедеги жүргүнчүлөр үчүн куткаруу иштери башталды.
Бирок катуу шамал жана нөшөрлөп жааган жамгыр иш-чараларды татаалдаштырып жатат.

Кемеде 400дөн ашуун турист жана экипаждын 47 мүчөсү болгон.

Жооптуулар ушул учурга чейин 30 кишинин куткарылганын билдиришти.

Премьер-министр Ли Кэцян издеп-куткаруу иштерине жеке өзү багыт берүү үчүн кырсык болгон аймакка жөнөп кетти.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар