Англия Королдук үй бүлөсүндө бөбөк төрөлдү

Бөбөк тууралуу маалымат Бакингем сарайынын алдына коюла турган бир документ менен коомчулукка билдирилет

259146
Англия Королдук үй бүлөсүндө бөбөк төрөлдү

Принц Уильям жана жубайы Кейтинин экинчи баласы төрөлдү. Төрөт жубайлардын биринчи баласы да туулган Лондондогу St. Mary ооруканасында болду. Оорукананын алдында журналисттердин кызыгуу менен күтүүсү көпкө созулган жок. Кейти кыз баланы дүйнөгө алып келди.
Англия королдук тактысынын төртүнчү муундагы мураскери боло турган бөбөк тууралуу маалымат Бакингем сарайынын алдына коюла турган бир документ менен коомчулукка билдирилет. Уильям жана Кейт 2011 - жылы 29 - апрелде Вестминстер катедралында көркөмдүү азем менен баш кошкон. Жуптардын биринчи баласы Жорж Александр Луи 2013 - жылы 22 - апрелде төрөлгөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар