Хаманейдин ден соолугу
Хаманейдин ден соолугу тууралуу маалымат берилди
253626
Ирандын диний лидери Айетуллах Хаманейдин өткөн күндөрдө болгон простат операциясынан киийн ден соолугунун жакшы экени билдирилди. Опреацияны жасаган дарыгердин уулу тарабынан жасалган маалыматта Хаманейдин саламаттыгынын жакшы экени жана күнүмдүк программасын аксатпаганы белгиленди. Хаманейдин операция болору тууралуу кабарды биринчи болуп Иран мамлекети тарабынан жарыяланганы жана Израиль басма сөзүндө чыккан Хаманейдин оор рак оорусу экени боюнча кабарлардын да толугу менен жалган экени белгиленди. Хаманейге таандык twitter адресинде да диний лидердин операциядан кийин Тегеран жакындарында тоого чыккан фотографиясы жарыяланды.