Украинада абал курчуп баратат

Украина аскерлери Дебальцеводон чегинүү ишинин 90 пайызынын аткарылганын жарыялады

224114
Украинада абал курчуп баратат

Ок атууларды токтотууга карабастан Дебальцевонун тегерегинде болуп жаткан кагылышууларда Украина армиясынын билдиргенине караганда 14, Орусия жактоочуларынын айтымына караганда 40 Украина аскери каза болуп, 173 аскер жараланды.
Украина аскерлеринин чегинүүсүнөн кийин Орусия жактоочулары шаардын чоң бөлүгүн колго алды. Кээ бир жерлерде кагылышуулар улантылууда.
Украина аскерлери Дебальцеводон чегинүү ишинин 90 пайызынын аткарылганын жарыялады. Орусия жактоочулары болсо Дебальцеводо 300гө жакын Украина аскерин да туткунга алганын билдирди. Бир тараптан Украинанын президенти Порошенко БУУнан тынчтык күчүн талап кылды. Порошенко өлкөдө катуу тартип жарыялоо үчүн да аракетке өттү.
Орусия менен Украинадагы Орусия жактоочулары болсо Украинага тынчтык күчүнүн жиберилүүсүнө катуу каршы чыкты, мунун Минскте түзүлгөн ок атууларды токтотуу эрежелеринин бузулушу деген мааниге келерин ортого салды. Бир тараптан Англиянын коргоо министри Майкл Феллон Орусиянын президенти Путиндин Бальтика республикалары үчүн коркунуч экенин айтты. Фаллон : «Путин Украинада жана Крымда ишке ашырган тактикаларды Бальтика республикаларында да ишке ашырып, бул өлкөлөрдү баш – аламан кылып НАТОну сынашы мүмкүн»,- деди.
НАТОнун ыктымалдуу кол салуу үчүн даяр болушу керектигин айткан Фаллон биримдиктин Орусияга каршы туруу үчүн даярдык көргөнүн белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар