Бельгияда террор коркунучу

Өткөн аптада Бельгиянын полициясы 5 башка шаарда бир убакта операция уюштурду.

190522
Бельгияда террор коркунучу

Террор менен күрөшүү десанттарынын өткөн аптада уюштурган операцияларынын жыйынтыгында камалгандардын саны он үчкө жетти.
А бирок адилет министри операцияларда уюмдун лидери кармалбаганын жарыялады.
Өткөн аптада Бельгиянын полициясы 5 башка шаарда бир убакта операциаларды уюштуруп, Вервие шаарында болгон кагылышууда Сириядан келгендерин айткан 2 террористти өлгөн түрдө, бирөөнү жарадар болгондо кармаган.
Операциядан кийин премьер-министр Шарл Мишел кабинетин кезексиз чогултуп 12 беренелик коопсуздук стратегиясын жарыялады. Бельгия армиясы да ички коопсуздук операцияларына карышууну улантууда. Мамлекеттик имараттар жана кол салуу ыктымалдуулугу болгон борборлордун алдына күзөтчөлөр жайгаштырылды.
Коомдук пикирди сурамжылоодо элдин 70 пайызыдан ашыгы бул ишке ашырууга ыраазы болгонун жана көчөлөрдө аскерлерди көргөндө өздөрүн коопсуз сезгендерин айтышууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар