Роттердам мэринен бактысыз билдирүү

Мердин сүйлөгөн сөздөрү каршы чыгууларга жол ачты

184250
Роттердам мэринен бактысыз билдирүү

Нидерландиянын Роттердам шаарынын мусулман мэри Ахмед Абуталиб мусулмандарга : "Эркиндикти жактырбасаңар буюмдарыңарды чогултуп өлкөдөн чыгып кеткиле",- деди. 

Нидерландияда көчмөн калк көп болуп жашаган Роттердамдын мусулман мэри Ахмед Абуталиб Париждеги террордук кол салуудан кийин катышкан бир телекөрсөтүү программасында Роттердамда жашаган жана эркиндикти жактырбаган радикал исламчылардын буюмдарын чогултуп шаардан чыгып кетүүсүн айтты. 

Нидерландиянын биринчи көчмөн мэри болгон Марокко тектүү Ахмед  Абуталиб : "Дүйнө жүзүндө силер жашай ала турган жер болушу керек. Өзүңөргө карата дурус болгула жана күнөөсүз журналисттерди өлтүрбөгүлө жана эгерде сиздер жактырбаган сатириктер гезит чыгарып жатат деп  бул жерди жактырбасаңар ...... анда кеткиле",- деди. Мердин сүйлөгөн сөздөрү каршы чыгууларга жол ачты. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар