Королдун учактары сатылат

Роктун королу Элвис Преслинин эки менчик учагы сатууга чыгарылды.

170147
Королдун учактары сатылат

Легендарлуу ырчы Элвис Пресли 1975 - жылы 250 миң долларга алган учакка кызы Лиза Маринин атын берген. Бул учактын бардык нерсесин өзү тандап 300 миң доллар каржап кайрадан кооздоткон. Учактын үстүнкү кабатында атайын конференция залы, эс алуучу бөлмөлөр бар. Учактын жасалгасынын бүткөрүлүшү күтүлүп жатканда 900 миң долларга “Hound Dog II” деп аталган экинчи учакты сатып алган. Уча турган абалда болбогон эки учак да 30 жылдан бери Элвис Преслинин Мемфистеги үйүнүн короосунда көргөзмөгө коюлган.
Учактардын аукциондо 10 - 15 миллион долларга сатылуусу күтүлүүдө. Ырчынын гастролдордо колдонгон кээ бир буюмдарынын да сатылары белгиленди. Өзүнө таандык стили жана үнү мезгилдин консерватор жана улутчул шарттары сызган чектерин ашып өткөн музыкасы менен Элвес Пресли Американын музыка тарыхында жана популярдуулук маданиятында жаңы мезгилди ачкан. Альбомдору рекорддорго жетип, 36 жашында Грэмми өмүр боюу сыйлыгы болуу менен сансыз сыйлыктардын ээси болгон. Пресли 1977 - жылы 42 жашында жүрөк оорсунун айынан каза болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар