Талаш туудурган тасма интернет айдыңында

Талаштуу көркөм тасма интернетте...

160201
Талаш туудурган тасма интернет айдыңында

Дүйнөнүн кино сүйүүчүлөрү саясатка, күлкүгө ширелишкен тасманы эми интернеттен көрө алышат
Sony Picturesтин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга кол салуу маселесин күлкүгө айландырган фильм 250дөй кинозалда Рождество күнүндө атайын көрсөтүлүп, интернетке да жайгаштырылды. Түндүк Кореянын катуу каршылыгына туш болгон «The Interview» (маектешүү) комедиясы Google Play, YouTube , Microsoft Xbox видео жана Сониге таандык интернет барагынан 6дан 15 долларга чейинки баалар менен ижарага алынып сатылууда.
Көп каражатка тартылган кино АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда дипломатиялык кризисти дагы тереңдетти. Фильмге каршы чыккан хакердик топ Сони фирмасына кибердик чабуул уюштуруп, көркөм тасманы көрсөткөн кинозалдардын өкүлдөрүн коркутуу да орун алды. Мындан улам 20 миңден ашуун кинозал фильмди элге тартуулоодон баш тарткан. Тасмада Ким Чен Ындын режиминин алешемдиктери күлкүлүү окуялар аркылуу ашкерленет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар