Орусия Ирандан азык-түлүк импорттойт
Орусия менен Иран макулдашты.
Орусия менен Иран азык-түлүк импорттоо боюнча макулдашууга жетишти. 2015-жылы баштала турган импорт сүт, балык, канаттуулардын эти, мөмө жана жашылча-жемиштерди камтууда.
Орусиядан билдирилгендей, орусиялык делегациянын Иранда сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ирандан сүт, балык, канаттуулардын эти, мөмө жана жашылча-жемиштердин импорттолуусу темасында макулдашууга жетишилгени билдирилди.
Билдирөөгө ылайык алгач форель менен креветка импорттоло турганы жана 2015-жылы 20 миң тонна форель менен 3 миң тонна креветка сатылып алынуусу пландалганы белгиленди.
Бул боюнча ирандык 20 фирмага уруксат берилгени, тараптар соода кайсы акча бирдиги менен жүргүзүлөөрүн сүйлөшүп жаткандары, доллар менен аткарылбай тургандыгы болсо такталганы баяндалды.