Ашыкча оңчулдар качкындар жашаган үйлөрдү өрттөштү

Ашыкча оңчулдар качкындар жашаган үйлөрдү өрттөштү

147097
Ашыкча оңчулдар качкындар жашаган үйлөрдү өрттөштү

Германиянын Бавария аймагына караштуу Ворра шаарында качкындар убактылуу жашоо үчүн даярдалган 3 имарат өрттөлдү. Нюрнберг полициясы өрт өчүрүүчүлөр өчүргөн өрттө 700 миң еврого жакын чыгым болгонун билдирди. Окуя болгон жерде жасалган иликтөөдө болсо өрттүн атайын өрт коюу менен чыкканы аныкталган. Өрт чыккан имараттардан айрыкча чет элдик душмандыгын камтыган символдор да табылган. Полиция катчысы Петер Шеллингер көп сандаган полициянын окуяны тактоо үчүн изилдөөлөрдү баштаганын белгиледи. Бавария аймагынын губернатору Хорст Зеехофер да : «Ашыкча оңчул аң – сезимге биздин эркин коомубузда орун жок»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар