Араб Лигасы Палестина мамлекетинин курулушун талап кылат

Палестина мамлекетинин курулушун көздөгөн долбоор БУУнун коопсуздук кеңешине сунушталат.

209885
Араб Лигасы Палестина мамлекетинин курулушун талап кылат

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Палестинанын президенти Махмуд Ааббастын да катышуусунда кечээ Египеттин борбор шаары Каирде кезексиз чогулду.
Жыйналыштан Палестина мамлекетинин курулушун көздөгөн долбоордун Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешине сунушталышынын токтому чыкты.
Араб Лигасы БУУдан Израилдин басып алуу саясатын токтотушун талап кылат.
Палестина башкаруучулугу октябрь айында Араб Лигасына Израилдин басып алуусун 2016-жылдын ноябрь айында соңуна чыгарып, Палестина мамлекетинин курулушун көздөгөн долбоорду сунуштаган.
Ал эми бул сунуш 15 мүчөлүү БУУнун коопсуздук кеңешине расмий түрдө жеткирилген эмес.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар