Кытай - Иран

Кытай менен Иран аскердик кызматташтыгын өнүктүрүүдө

168295
Кытай - Иран

Кытайдын коргонгуу министри Чанг Ванчүен Иран деңиз күчтөрү командири Хабибуллах Сеййари менен жолугушту. Синьхуа агенттигинин кабарына караганда Кытай коргоо министри Чанг  акыркы жылдарда  бири бирине жасаган сапарлардын негизинде эки өлкөнүн аскердик күчтөрүндө кызматкерлерге билим берүү жана башка тармактарда жакшы кызматташытктардын бар экенин айтты. Эки өлкөнүн деңиз флотторунун бири бирине жасаган сапарлардын ийгиликтүү болгонуна токтолгон Чанг бул сапарлардын эки өлкөнүн деңиз флоту үчүн түшүмдүү болгонун белгиледи. 

Чанг Кытайдын Иран менен аскердик байланыштарын дагы да күчтөндүрүү жана кызматташтык ичинде бул өлкө менен иш алып барууну каалашкандарын баса белгиледи. Сеййари да Кытай деңиз флотунан мактоо менен сөз кылып Ирандын Кытай менен карым - катнаштарына абдан чоң маани бергенин жана эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн арасындагы карым - катнаштарды өнүктүрүүгө даяр экендерин билдирди. Иран согуштук кемелери өткөн ай Бендер Аббас портуна якорь таштаган эки Кытай согуштук кемеси менен биргелеш машыгуу өткөргөн. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар