ИШИМ 500 йезидди өлтүрүп койду

ИШИМдин йезиддерден 500 аялды туткунга алганы айтылган.

81321
 ИШИМ 500 йезидди өлтүрүп койду

Иракта йезиддер жыш жашаган Мусулдун Синжар провинциясын колго алган Ирак-Шам Ислам Мамлакети уюмунун (ИШИМ) йезиддерден 500 аялды туткунга алганы айтылган.
Күрдистан мекенин сүйүүчүлөр биримдигинин йезид эл өкүлү Феян Дахил кечээ Ирак парламентиндеги маалымат жыйынында туткунга алынган аялдардын Телаферге жакын жерге алып барылганын айтты.
Йезиддерге геноцид ишке ашырылып жатканы менен эскерткен Дахил, Багдаддагы борбордук өкмөт менен күрт башкаруучулугуна йезиддер туш болушкан бул жаман абалдан, курткаруу чакырыгын салды.
Бул учурда ИШИМ террористтери Эрбилге 55 км алыстыктагы Мусулдун Махмур районунда пешмергелердин колундагы Гүвер жергесине кол салды.
Эки саатка созулган кагылышуулардан ИШИМдин артка чегинүүгө аргасыз болгону билдирилди.
Кагылышууларда ИШИМдин 2 согушкери каза тапты.
Пешмергелердин ИШИМдин кол салууларын каршы Эрбилдин батышына чуңкур казгандары билдирилди.
Мусулдун Махмудие айылын колго алыш үчүн кол салган Пешмерге менен ИШИМдин арасында ар түрдүү кагылышуулар болуп жатат.
Кагылышууларда Пешмергелерге Сириядагы элдик коргонуу кошуундары да жардам берүүдө.
Буга кошумча өткөн күндөрдө ИШИМдин колуна өткөнү божомолдонгон Мусул суу сактагычынын пешмергелердин көзөмөлүндө болгону билдирилди.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар