Газада абал оор

Израиль жүргүзгөн операцияларда 85 палестианлык каза болуп, 500дөн ашуун киши жараланды

125682
Газада абал оор

Жакынкы Чыгышта бири бирине карата кол салуулар улантылып, араздашуулардын күч алуусуна эл аралык коомдон каршы чыгуулар келүүдө. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун аймакта чукул түрдө ок атууну токтотууга чакырды.
Эки тарапты тең чыдамдуу болууга чакырган Пан Ги Мун Жакынкы Чыгыштын жаңы бир согушка чыдай албай турганын айтты. БУУнун палестиналык качкындарга жардам берүү мекемеси Газада чукул абал жарыялап, Израиль кол салууларынын эл аралык укукка тескери экенин баса белгиледи.
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Франциянын президенти Франсуа Олланд Израилдин кол салууларын айыптады.
Ислам Кызматташтык Уюму да Израилдин Газа кол салууларынын териштирилүүсү үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңеши жана БУУнун Адам Укуктары Кеңешинин кезексиз жыйын өткөрүүсүн суранды. Бир тараптан Израиль тышкы иштер министрлигинин катчысы Газага кургактыктан операция жүргүзүлүп же жүргүзүлбөй турганына министрлер кеңешинин чечим чыгарарын айтты.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Газадагы саламаттыкты сактоо системасынын дары – дармек жана оорукана генераторлору үчүн керектүү болгон күйүүчү май кыйынчылыгынан улам токтоп калуу жерине келгенин билдирди.
900дөн ашуун бута аткыланган Газада каза болгондордун эң аз отузунун аял жана бала экени белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар