АКШдан Иракка 200 аскер

Барак Обама тема тууралуу Өкүлдөр парламентинин спикери Жон Бонер менен сенатка кат жиберди

113683
АКШдан Иракка 200 аскер

АКШ Багдат элчилигинин коопсуздугун бекемдөө жана өлкөдөгү Америка жарандарын коргоп калуу үчүн Иракка кошумча 200 аскер жиберди. Ушундайча Америка күчтөрүнүн Ирактагы аскер саны 750 кишиге жетет. АКШнын президенти Барак Обама тема тууралуу Өкүлдөр парламентинин спикери Жон Бонер менен сенатка кат жиберди.
Обама катында конгресс мүчөлөрүн АКШ куралдуу күчтөрүнөн бара турган кошумча аскерлердин Багдат элчилигинин коопсуздугун күчтөндүрүү, АКШ жарандарын коргоо жана Багдат Эл аралык аэропортунун коопсуздугун бекемдөө үчүн жиберилгени тууралуу маалыматка орун берди. Жазылган катка караганда Америка аскерлери коопсуздук жеринде эч кандай муктаждык болбогон учурга чейин Иракта болот. АКШнын коргоо министрлиги Пентагондун катчысы Дон Керби да жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө жекшемби күнү Иракка барган топтун элчиликтин орчундуу дипломатиялык миссиясын улантуусуна аракет кыларын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар