Басрадагы Башкы консулдук эвакуация кылынды
Түркия мамлекети Иракта коопсуздук коркунучуна байланыштуу Басрадагы Башкы консулдугун эвакуация кылды.
Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу кечээ кечинде твиттердеги билдирүүсүндө коомдун көңүлүн Басрага бурду.
Давутоглу, коопсуздук коркунучунун артканына байланыштуу Түркиянын Басрадагы Башкы консулдугунун эвакуация кылынгандыгын, кызматкерлердин Кувейтке жеткирилгендигин билдирди.
Давутоглу, “Жарандарыбыздын Ирактагы кооптуу аймактардан эвакуция кылуу үчүн кризис борбору жана Багдад элчилиги 24 саат боюнча кызмат кылууда” деди.
Тышкы иштер министри, Багдад эчилигинин эвакуация кылынбай тургандыгын айтты.
Дипломатиялык булактар билдиргендей Басрага Түрк аба жолдорунун учуулары уланат, Башкы элчиликти эвакуация кылуу чечиминин да убактылуу экендиги белгилүү болду.
Бул учурда туткунга алынган Мусул Башкы элчилигинин кызматкерлеринин жана түрк айдоочуларынын өлкөгө кайтып келүүлөр үчүн иш-аракеттер жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Анкара Башкы прокуратурасынын сунушу менен тогузунчу жаза соту, Мусул Башкы консулдугуна уюштурулган кол салуу жөнүндөгү маалыматтардын таркатылуусуна тыюу салды.
Маалыматтардын таркатылуусунун тыюу салынышына, түрк жарандарынын Ирак-Шам Ислам өлкөсү террор уюму тарабынан белгисиз бир жерге жеткирилүүсү, алардын коопсуздугу себеп көрсөтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719064976)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.
![АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/058b/8927/e4a0/66767f465b7f3.jpg?time=1719064976)
АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду
Аризона штатынын борбору Фениксте 46 градуска жеткен ысыктан улам 6 киши каза болду.