Украина-Орусия газ кризиси

Орусия менен Украинанын ортосунда 60 доллардык кризис....

97258
Украина-Орусия газ кризиси

Орусия менен Украинанын ортосунда 60 доллардык кризис....
Жаратылыш газынын баасын бычуу боюнча Москва менен келише албаган Киев, жаратылыш газдын токтогонун жарыялады.
Бул кабар Орусия тарабынан ырасталган жок.
Москванын 2 миллиард доллардык карызынын төлөнүшү үчүн Киевге тааныган мөөнөт кечээ эртең менен толду.
Европа Комиссиясынын энергетикадан жооптуу мүчөсү Гюнтер Эттингер болсо дагы эле чыгыла турган жол табыла ала турганынан үмүттүү.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев да жаратылыш газы карызынын толугун төлөө шарты менен жолугушууларды улантууга даяр болгондорун белгилеп өттү.
Орусиянын энергетика фирмасы Газпром, Украинанын топтолгон карыздарын төлөбөгөнүн эске салып мындан ары бул өлкөгө газ сатууларын алдын ала төлөгөндөн кийин жасай турганын жарыялады.
Москва Украинанын жалпы карызынын 3 миллиард 400 миллион доллар болгонун белгилеп, мунун 2 миллиард доллардык бөлүгүнүн шашылыш түрдө төлөнүшүн талап кылууда.
Газпромдун жаратылыш газынын баасын 80 пайызга жогорулатуусун адилетсиздик катары мүнөздөгөн Украина болсо, карызын төлөгүдөй ниети жок.
Өткөн декабрь айында Украинанын Орусиячыл президенти Виктор Янукович кызматта турганда түзүлгөн келишимге ылайык Украина жаратылыш газдын миң метр кубун 268 доллардан ала баштаган.
Януковичтин апрель айында көчөлөрдөгү кагылышуулардын айынан кызматын таштагандан кийин Москва бул бааны дароо 485 долларга жогорулаткан.
Украина бийлиги карыздарын төлөш үчүн баанын миң метр кубунун 326 долларга түшүрүлүшүн талап кылып жатканда Орусиянын президенти Владимир Путин эң акыркы сунушунун 385 доллар болгонун айтууда.
Киев менен Москванын ортосунда 60 доллардык кризис болуп жатат....
Европа Биримдиги алдыдагы кыш үчүн газ өткөрүлүшүнүн үзгүлтүксүз камсыздалышынын үстүндө иштеп жатканда Украинада болгон окуялар мунун оңой болбой турганын көрсөтүүдө.
Орус танкаларынын Украинага киришине Вашингтон каршылык көрсөтүп жатканда,бул өлкөгө чектеш абалдагы Европа Биримдигинин үн катпай калуусу көңүлдөрдү бурду.
Бул болсо Киев менен Москванын ортосундагы жаратылыш газ кризисинин аймактык таасир жарата турганынын белгиси.
Орусиянын 2006 жана 2009-жылдарда Украинага берген газын үзгүлтүккө учуратышы Европада энергетика кризисин туудурган.
Европа энергетика муктаждыгынын бештен бир бөлүгүн Орусиядан алат жана мунун жарымы Украина аркылуу келет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар