Байыркы Афродисиас шаары

Түркияда туризм-19

1196674
Байыркы Афродисиас шаары
afrodisias 4.png
afrodisias 2.jpg
afrodisias 1.jpg

 

Афродисиас байыркы шаары

Атын сүйүү жана сулуулук теңири Афродиттен алган байыркы шаар; Афродисиас шаары

Рим императору Августин тарабынан  «Бүтүндөй Азияда өзүмө бул шаарды тандадым» сөздөрү менен биринчи кылымда корукка алынган.

Учурубузга абдан жакшы сакталып келген байыркы Афродисиас шаары  Анадолудагы маанилүү археологиялык аянттардан бири.

Түркиянын Эгей аймагындагы Айдын облусунун Каражасу районунда деңизден орто эсеп менен 600 метр бийиктиктеги бир түздүктө орун алган. Тарых бою орун алган аймагынын табигый өзгөчөлүктөрүнөн пайдаланган шаардын эң чоң байлыгы болсо жакын жердеги мрамор кени болгон.

Отурукташуу тарыхы б.з.ч. 5000-жылдарга чейин жеткен Афридисиас, б.з.ч. 2-кылымда шаар мамлекети статусуна ээ болгон. Рим императору Августин тарабынан корукка алынгандан кийин, салыктан бошотуу жана автономия сыяктуу өзгөчөлүктөр таанылып ылдам түрдө өнүгө баштаган. Артынан Кариа облусунун борбор шаары болгон. Византия доорунда саясий, диний жана экономикалык кыйынчылктардын себебинен маанисин жогото баштаптыр. 7-кылымдагы жер титирөөдөн кийин да кайрадан курула албаптыр...Бара-бара кичине районго айланган Афродисиас 12-кылымда толугу менен ээн калтырылган...

Афродисиаста орун алган мармар түзүлүштөрдүн, айкелдердин, оюлган таштардын жана жазмалардын бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталып келиши, байыркы шаардын археологиялык жактан маанисин да арттырууда.

Шаардын жакын жериндеги мармар кендеринин байлыгы, айкелчилик искусствосунда жогорку сапаттуу борборго айланышын камсыздаган. Өзгөчө биринчи жана үчүнчү кылымдардын арасында шаардагы айкелчилик мектебинин атагы чыккан. Жер Ортолук деңиздин айланасында таанылган жана абдан көп маанилүү чыгарманы жараткан ондогон айкелчи ушу шаарда жетилген. Айкел жаатындагы бул жол башчылык бара-бара «Афродисиас ыкмасы» аты коюлган эколду пайда кылган.

Байыркы доордун алдыңкы архитектуралык, искусство жана диний борборлорунан бири болгон Афродисиастын эң маанилүү курулушу болгон Афродит ибадатканасы, алгач ирет ассириялыктар тарабынан сүйүү жана сулуулук теңири Иштар үчүн курулган. 1-кылымда римдиктер тарабынан Афродиттин атынан кайрадан курулган.

Афродит ибадатканасы бешинчи кылымдын акырында шаарга христиандык өкүм сүрдүрүшү менен чоң чиркөөгө айландырылган жана байыркы ибадаткананын издери толугу менен өчүрүлгөн.

Себастейон ибадатканасы, Адриана мончолору, спорт жана билим берүү максатында колдонулган түзүлүш, суунун текшерилиши үчүн салынган бассейн; шаардын оюулар жана айкелдер менен кооздолгон маанилүү эстеликтери...

Чогулуу жана базар аянты катары колдонулган 8 миң кишилик Агорада Рим императору Диоклетиандын мармардын үстүнө жаздырып дубалга илдирген баа тизмелери бар. Бул тизме шаардын экономикасын көрсөткөн эң маанилүү табылга катары көрүнүүдө.

Афродисиас стадиону байыркы дүйнөнүн эң мыкты сакталган стадиондорунан бири катары белгилүү; 30 миң көрүүчү көлөмүнө ээ... Байыркы театр болсо Анадолунун эң эски үч кабаттуу сахнасын камтыйт.

Шаардын жүздөгөн жыл мурда курулганына карабастан дагы деле сакталып калган эстеликтүү каалгасы, архитектурасы жана мармар оюулары менен көргөндөрдү суктандырууда.

Афродисиас байыркы шаары, аймакта орун алган байыркы мармар кендери менен бирге 2017-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурстар тизмесине катталды.

Афродисиас байыркы шаарын көргөнү Айдынга барып калсаңыз, Дидимдеги Аполлон ибадатканасына зыярат кылбастан, ошол эле Дидимдин теңдешсиз кооздуктагы пляждарында деңизге түшпөстөн, Эгей аймагына таандык даамдуу зайтун майлуу тамактардын даамын көрбөстөн кетпеңиз...

Саякатыңыз байсалдуу болсун!



Тектеш кабарлар