Караман башйайла карын каймагы

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-23

2150832
Караман башйайла карын каймагы

Караман башйайла карын каймагы

Катталган күнү: 07.02.2023

Түркиянын түштүк тарабындагы Торос тоолорунун этектеринде жайгашкан Караман облусунун Башйайла району сары майдын кызыктуу түрүнө атын берген. Башйайла райондук айыл чарба башкармалыгынын кайрылуусу менен 2023-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнүн катарына кирген Башйайла карын каймагы, эчкинин же койдун карынынын ичине престелип жасалат. Уйдун, буйволдун, эчкинин же койдун сүтүнөн жасалган каймак үчүн карын 2-3 ай мурун тазаланып даярдалат. 1 килограмм каймакты алуу үчүн 25 килограмм сүт колдонулган өнүмдү даярдоодо да атайын ыкмалар талап кылынат. Өндүрүштүн биринчи этабында сүт саалгандан кийин алгач чыпкадан өткөрүлөт, андан соң меште кайнатылып, үстүндө пайда болгон каймак катмары маал-маалы менен чогултулат. Абдан аз туз кошулуп жуурулган каймак муздак чөйрөдө бир канча убакытка кармалган соң тазаланган карындын ичине престелип толтурулат. Башйайла карын каймагы толтурулган карындын оозу жип менен байланып бекем жабылат жана нымсыз чөйрөдө, муздак жерде кеминде 2 ай бышып жетилиши үчүн калтырылат. Адан соң каймак карындан толугу менен чыгарылып ылайыктуу түрдө таңгакталып колдонууга сунушталат. 



Тектеш кабарлар