Баштай электе Президенттик системадан артка кайтуубу?

Глобалдык перспектива-23

987299
Баштай электе Президенттик системадан артка кайтуубу?

Баштай электе Президенттик системадан артка кайтуубу?

Түркия калкы 24-июнда тарыхынын 32-парламенттик жана алгачкы президенттик системасын шайлоого баратат. АК Партия башында турган «Жумхур» өнөктөштүгү, референдум менен кабыл алынган Президенттик өкмөт системасынын ичинде маселелерге кантип чечүүчү жол таба турганы жөнүндө убадаларын ортого салса, «Миллет» өнөктүштүгүнүн курамындагы партиялардын эң маанилүү убадаларынан бири парламенттик системаны кайра алып келүү. Шайлоолордон кийин эгер жеңишке жетишилсе, белгиленген убакыттын ичинде ылдам түрдө парламенттик системага кайтыш үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Оппозициядагы партиялар канчалык каршы чыгышса дагы, Президенттик системасы же Түркиядагы аталышы менен Президенттик Өкмөт системасы референдум менен кабыл алынган абалда. Жаңы система 24-июнда толук түрдө күчүнө кирет. Оппозициянын жаңы системаны мурда эч сынап көрбөстөн, улутубуз туш болгон маселелерге чечүүчү жол табып таппай турганын сынабастан, категориялык түрдө четке кагышы акылга сыйбаган жосун. Анын үстүнө кайра алып келгиси келген система Түркияда 140 жылдан бери ишке ашырылган жана тынымсыз көп багыттуу маселелерди туудурган система...

Шексиз парламенттик система жакшы ишке ашырылган өлкөлөр да жок эмес. Ал эми Түркия тарыхы жагынан каралганда Парламенттик система алып келген кризистер, өлкөнүн башкарылгыс абалга келиши, ички жана тышкы саясат чөйрөлөрүнүн  тынымсыз каалгалардын ичине кире бериши аң-сезимден кете элек. (Бул темада мындан мурда жазган, интернетте да орун алган «Президенттик система, себептери, белгилөөлөр, күтүүлөр» аттуу эмгегимди карап көрүшсө болот).

1961-жылдагы Конституциясы менен институтташкан, эч кандай түрдө улуттун өкүлдөрү тарабынан текшерилбеген аскердик жана соттук камкорчулук алып келген саясаттар, Парламент курчалып президент шайланышы сыяктуу башыбыздан өткөргөн орчундуу мисалдардын күйүтү дагы деле унутула элек.

Керек болсо шайлоо системасы, керек болсо камкорчулук борборлордун тынымсыз кийлигишүүсү менен өнөкөткө айланган саясий системалык кризистери, коалициялар, кыска мөөнөттүү өкмөттөр менен өлкөнүн кантип жарга такалганы да унутулган жок.

1961-жылдагы Конституциясы менен алып келинген, түзүлүшү жана иштөөсүнүн ичинде улуттун өкүлдөрү эч кандай түрдө таасирдүү болбогон сот бюрократиясынын калтырган быламыгы дагы деле көрүнүп турат. Төңкөрүштөр, аскердик соккулар мыйзамдуулук функциясын аткарган, жашоого жана тышкы дүйнөгө сыртын салган, жабык система менен иштеген жогорку деңгээлдеги сот бюрократиясы, өлкөнүн ыктымалдуу өнүгүүсүнүн, демократиялашуусунун жана дагы көп эркиндикке жетишинин алдында кудум эле дубал сыяктуу турган.

Түзүлүшү жагынан ансыз деле статус-квочул болгон бюрократиябыз, тез-тез алмашкан саясий бийликтер жана коалициялардын себебинен дагы көп демилге көтөрө алгыс абалга келди. Абдан аз убакыттан кийин алмаша турганынан, келе турган жаңы бийликтин өзү менен иштешип иштешпей турганына ишене албаган, кылгандары үчүн жоопко тартыла турганы шектенүүсүнө кабылган бюрократтын демилге көтөрүүсүнүн кандай рационалдуугу болушу мүмкүн?

Түркия өз каалоолору багытында кыймыл кылбаган учурунда тышкы камкорчулар элементтеринин, глобалдык актерлордун ички саясий элементтери аркылуу, экономикалык кийлишгишүүлөр аркылуу же террорду күчөтүү аркылуу системанын ичиндеги тең салмактуулуктар менен ойноолорунун таасири дагы деле толук түрдө жоюла элек. Баштан өткөн ошончолук кыйынчылыктарды жана системалык маселелерди АК партия көп жылдардан бери унуттурган абалда. 2000-жылдардан кийин 4 мезгил бою уланган АК партиялуу бийлик жылдары жаңылтпасын сизди. Бул абал система иштеп чыгарган абал эмес, өзгөчө абал болуп саналат.

Ислам дүйнөсү менен катар Батыштан тышкары коомчулуктардын эки маселеси улуттун тандоолорунун саясатка жетиштүү түрдө чагылышпоосу, бийликке келгенден кийин демократиялык өзгөрүүнүн камсыздала албоосу.

Түркияда кабыл алынган Президенттик өкмөт системасы менен президент болуп шайлана алышы үчүн талапкерлерден бирөө эң аз 50+1 пайыздык добуш алышы керек, ошондуктан эми түздөн-түз элге таянууга мажбур. Жаңы абалдын татаалдыгын көргөн Президенттик системасына колдоо көрсөткөндөрдөн айрымдары «туура кылдыкпы?» деген санааркоолорун да сөз кылышууда. Мурда башкаларына анчалык көз каранды болбостон өз шайлоочу катмарларынын добушу менен бийликке келе алышкандарын ойлошууда.

Бул көз караш, Режеп Таййип Эрдогандын өзгөрбөзсөн жалаң бийликке келе турганына таянган көз караш. Парламенттик система Режеп Таййип Эрдоган сыяктуу абдан күчтүү лидерлер болгон убакта маселе жаратпашы мүмкүн. Ал эми саясий тарыхыбызды карап көрсөк бир партиянын тынымсыз шайлоону жеңип чыгуу абалы абдан өзгөчө абал жана Режеп Таййип Эрдогандын жеке өзүнүн ийгилиги болуп саналат. Ушул себептен Эрдогандан кийинкисин ойлош керек.

Бийлик партиясы жагынан каралганда жалгыз өз шайлоочу катмары менен шайлоолорду кыйналбастан жеңген, шайланыш үчүн убакыт чектөөсү болбогон Парламенттик система дагы оңой система катары каралышы мүмкүн. Ырааттуулуктун дагы туруктуу болушу, камкорчулар борборлорунун эмес улуттун тандоосунун саясий бийликке дагы көп чагылышуусу, абдан татаал аймакта орун алган Түркиянын дагы оңой башкарыла алгыдай болушу, системанын ичиндеги демократиялык өзгөрүү жана айлануулардын дагы оңой жасала алышы жагынан болсо саясий системанын өзгөртүлүшү Түркия үчүн мажбурдуулук болчу.

Ушул алкакта АК партия өзү үчүн татаал, бирок туура ишти кылды. Жасалган өзгөртүүлөр менен Түркияда саясаттын мырзасы эми калк болуп саналат. Калктан ыйгарым укукту ала албаган ички жана тышкы камкорчулук борборлорунун саясий системага кийлигишүү мүмкүнчүлүктөрү абдан начарлады. Саясий системадан келип чыккан структуралык маселелер чоң өлчөмдө чечилди. Мындан кийин туш боло турган маселелер системалык маселелер эмес, ишке ашыруудан келип чыккан маселелер болушу мүмкүн.

Ушул себептен оппозициядан күтүлгөн нерсе жаңы система толук түрдө ишке аша электе, сынабастан өтмүштүн иштебеген системасын кайра алып келүү аракети эмес, ишке ашырууга карата ыктымалдуу маселелер темасында эскертүү жана чечүүчү жолду иштеп чыгуу болот.

Оппозициядагы партиялар азырынча байкай элек болушу мүмкүн, жаңы саясий система эң жок дегенде оозеки айтымдар болсо дагы аларды өзгөртүүдө. Элге төбөсүнөн караган, аларга жашоо формасын мажбурлаган, тынымсыз жарандардын кийим-кечеси менен алектенген партиялардын бүгүнкү күндө улутка алып келген кыйноолору эмес, дагы оң убадаларды берүүлөрүнүн негизги себептеринен бири өзгөргөн саясий система болуп саналат. Өзгөргөн саясий системанын эмитеден шайлоо процессине чагылышууларын болсо алдыдагы аптада талдайбыз.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.

 

 



Тектеш кабарлар