Күн тартиби - 47

ДЕАШтын ойногон оюну.

854997
Күн тартиби  - 47

ДЕАШтын аймакта жактоочусу болбогон террордук уюм экендигин көптөгөн жылдардан бери айтып келдик. Бирок батыш медиасындагы досторубуз буга ишенүүнү каалашкан жок. Ал түгүл ишенбегендерин ачыкча айткандар да бар.

Бул кесиптештерибиз менен өзүнчө жакындыгыбыз бар. Булар медиа аркылуу таанышуу же  эл аралык жыйындарда эле таанышып калган досторубуз эмес. Биздин таанышуубуз жана достугубуз дайыма фронттордо болду. Югославиянын бөлүнүшүнөн кийин чыккан жарандык согуштан баштап, Руанда, Африка жана Жакынкы Чыгыштагы болгон согуштарда түзүдгөн достуктар булар. Кээде көптөгөн жумалар бир жерде же кулаган имаратта жашап бир тиштем нанды бөлүшүп жеген досторубуздан сөз кылып жатам. Жаракат алганда бири бирибизди көптөгөн саат ал түгүл көптөгөн күндөр көтөргөн досторубуз бул чындыкка шектенүү менен карашты.

ДЕАШтын чындыгын көргөндөр болсо муну иштеген медиа органдарында жарыялай алышкан жок. ДЕАШ террордук уюмдун согушу белгилүү. Бул уюмдун оор куралдар менен болгон согушу кудум НАТО союздашы кээ бир өлкөлөрдүн тактика жана башкаруусуна окшошчу. Бизди ойлондурган бул суроонун жообун АКШда болгон президенттик шайлоо жарышында таптык.

Республикачылдардын президентикке талапкери Дональд Трамп кийинчерээк өчүргөн твиттердеги жазуусунда ДЕАШты президент Обаманын кургандыгын жазды.

Трамптын бул сөзү менен батыштык кесиптештерибиз бир аз күч алып, террордук уюмдун батыш менен болгон байланыштарын териштире башташты.

АКШ жол башчылык кылган коалиция күчтөрүнүн ДЕАШка каршы жүргүзгөн  аскердик операциялардын статистикалык маалыматтарына карайлы :

Коалиция өлкөлөрүнүн ДЕАШка карата кылмыш саны ; 28 миң 181

Операциядагы күн саны : 1185

Коалиция күчтөрү өлтүргөн ДЕАШ террорист саны : 5000

ДЕАШка атылган ракета жана бомба саны 102 миң 82

Сандар негизинен ойнолгон оюнду так түрдө көрсөтүүдө. Коалициянын жана АКШнын ДЕАШ менен күрөштө колдонгон аскер санынында дайыма өзгөрүү болуп тургандыктан  так сан айтуу мүмкүн эмес. Бирок бир гана АКШнын өнөктөшү террордук уюм ПЙДнин 100 миңге жакын  куралдуу кишиси бар экендигин айта турган болсок, аскердик абал тууралуу белгилерди бериши мүмкү.

Өткөн күндөрдө англис мамлекеттик телекөрсөтүүсү ББС ДЕАШ менен АКШнын өнөктөштүгүн ортого чыгарган документтер жана көрүнүштөрдү жарыялады. Негизинен бул окуя батыш дүйнөсүндө чуулган салышы керек эле. Бирок эч кимден үн чыккан жок. ДЕАШ кол салууларында жүздөгөн киши каза болгон Европа Биримдиги өлкөлөрү да үн катпоону тандады.

Бир аз мурдараак берген аскердик таблицанын бир пайызынчалык аскердик кыймылдуулк менен Түркия мамлекети уюмга оор сокку урду. Эки айдын ичинде жана 300гө жакын аскер менен түрк армиясы ДЕАШка оор сокку урду. Чек арасын толугу менен террордук уюмдан тазалады. Бул операцияда  500гө жакын түрк аскери өлтүргөн ДЕАШ террорист саны 7000ге жакын. Түрк аскеринин ДЕАШка карата операциясында абадан жардам албагандыгын да эске салууда пайда бар. Түрк армиясы бир гана аба операциясы менен ДЕАШка эки айда ушунчалык сокку урган болсо, коалиция күчтөрүнүн төрт жылда жүз миңдан ашуун бомба жана ракета колдонушу жана аянтта алмашуу менен жүз миңдеген аскер колдонгонуна карабастан эч кандай ийгиликке жетишпегендиги таң калтырып эле калбайт.

АКШнын бул террордук уюм менен күрөшү жана карым – катнашынын биз журналисттер тарабынан изилдениши керек болгон көлөмдү ашты.

Түркия, Орусия, Англия жана Иран, Сирия орток билдирүү менен Эл аралык сот системасына  кайрылууга мажбур. Себеби дүйнөнү канга булаган, жүз миңдеген күнөөсүз жарандын, баланын, аялдын жана кары – картаңдардын каза болушуна  себеп болгон бир террордук уюм менен бир мамлекеттин мамилеси ортого чыгып жатат. Бул шектенүү же  чындыктын териштирилиши  эл аралык укукка алып барылышы керек. Бул эл аралык укукка алып барылмайынча элдин дүйнөгө болгон ишеничи бузулат.

Эл аралык террордук уюм болгон  Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ өткөн жылдарда Түркияны террор менен айыптаган жалаа жаап дүйнөнү таң калтырган. Ал түгүл түрк мамлекетинин сириялыктарга берген гуманиатрдык жардамын  : «ДЕАШка жардам» катары көрсөтүп, батыш дүйнөсү бул жалаага жармашты.

Батыш дүйнөсү бул жалааларга кошулуп, түрк мамлекетинин мыйзамдарын тебелеп кылмыш кылган жалаа жабуучуларга каалгаларын акырына чейин ачышты. Кээ бир батыштык өлкөлөр бул жалаа жабуучуларга дароо дипломатиялык  паспорт берип президенттик деңгээлде тосуп алды.

Түркияга каршы жалаага жармашкан батыш дүйнөсү англис кесиптештерибиз тарабынан ортого чыгарылган ДЕАШ – АКШ театры тууралуу сөз кылуулары демократия, адам укуктары жана дүйнөлүк укук тууралуу сөз кылуусу уялтуучу абал. Батыш дүйнөсү бул театрды көрүүнүн акысын жүздөгөн жан берүү менен төлөдү. Туура сөздү айтуу жана терроист өнөктөшүнө «сен террористсиң» деп айтуу ушунчалык кыйынбы? Же бирөөлөр бул театрдын бүтүшүн каалабай жатабы?

 



Тектеш кабарлар