Күн тартиби - 28

Цивилизациябыз акырына чыгып келе жатабы?

774503
Күн тартиби  - 28

Азтек, инка, мая жана башка цивилизациялардын билим жана технология менен жаңы ачылышытары ортого чыгууда. Археологиялык казуулар жана казууларда табылган материалдар, документтер боюнча жасалган эмгектер такталган сайын бүгүнкү цивилизациянын мурасчысы болгон бизди таң калтырууда. Инженердик, астрономия жана медициналык тармакта жетишкендиктери таң калтырат. Турмуштун бир топ тармагындагы жетишкендиктерине бүгүн да жетише элекпиз. Математика, геометрия жана астрономияда бүгүнкү илимпоздорду таң калтырган аралык басып өтүшкөндөрү аныкталууда. Космос, галлактика, планеталардын орду жана аралыктары тууралуу жүргүзүлгөн эмгектер бүгүнүк технологиялык  каржаттардын жардамы менен гана аныктала алат. Арадан өткөн миңдеген жылдарга карабастан бүгүнкү билимдин жеткен жерин кантип ашып өтүшкөндөрү аныктала албаган абал.

Илимпоздордун аткарган башка бир эмгеги болсо ал көркөмдүү цивилизациялардын жок болгондугу тууралуу. Адамзатты бүгүн да таң калтырган бул цивилизация жана технологиялардын кандай     жок болгондугуна байланыштуу азырынча так бир маалымат жок. Кээ бир диссертацияларга караганда адамдардын топ түрүндө каза болушуна себеп болгон оорулар бул цивилизацияларды ортодон жок кылган.

Башка бир булакка карай турган болсок, бул цивилизациялардын согуштардын натыйжасында жок болгондугу тууралуу. Бул экинчи диссертация дагы акылга сыярлык жана бул диссертацияларга байланыштуу далилдер да бар. Негизинен адамзаттын акыркы 200 жылдык тарыхына караганда бул диссертиациянын туура экендиги дагы да күчтүү экендигин көрсөтөт.

Капиталдын чогулушу жана жайылышы Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарында он миллиондогон кишинин өлтүрүлүшү бул тууралуу бизге жардам берүүдө. Бүгүн адамдардын аталары жашаган ал трагедиядан сабак алышпагандарын байкап жатабыз. Дүйнөнүн бардык тарабында курал сатуучуларын, ойлобогон өлкөдө, ойлобогондой курал соодасынын жасалып жаткандыгын көрүүдөбүз. Бир саат мурда «адамзаттык үчүн» иштеген, согуш жана апаат аймактарында  муктаждарга жардам берген өлкөлөр бир карасаң эле теророризмдин колодоочусу болуп чыга келишет.   

Мисалы бир канкор эгемендүү маданиятка таандык кишилерди өлтүргөндө дароо террорист деп аталууда. Бир тараптан ошол эле эгемендүү маданияттын мүчөсү болгон бир киши ыбадатын кылып мечиттен чыккандарды, бала, аял дебестен өлтүргөндө ал «жалгыз карышкыр» болот. Бүгүнкү эгемендүүлүктөр терроризмге колдоо берүү менен күнөөлөгөн өлкөлөргө он миллиарддаган долларлык курал саткандан кийин аларды бул кара тизмеге чыгарып жатышат. Дүйнөнүн эң тынч бирок соодада ошончолук да таасирдүү роль ойногон аймактарда терроризм иштери ортого чыгууда. Же болбосо үстөмдүк кылган өлкөлөрдүн айткандарына баш ийбегенибизде күтүлбөгөн жерден шаарларыбызда, аралдарыбызда террористтер пайда боло калат. Филиппиндер мунун эк так мисалы катары көрсөтүлө алат.

Дүйнөнүн түштүгүнөн түндүгүнө чейинки бардык жерге курал чогултулууда. Технология жана колдорундагы капиталга ишенүү менен дүйнөнү бир пулемет огуна айландырып жатат. Биз болсо ага бир компьютердеги согуш оюну катары карап турабыз жана эч нерсе кыла албайбыз. Билип туруп кыяматка карай баратыбыз.

Илимпоздор жапайы мээ жасаганда адамдар бул суроону сурашкан : «Роботтор текшерүүнү колго алып адамзаттын акырын алып келеби?»

Бул ыктымал мүмүкүн эместей көрүнөт. Себеби жапайы мээге  күч берүү бүгүнкү жана алдыдагы кылымдардын технологиясы менен мүмкүн эместей көрүнүүдө. Күч, эгемендик менен жашаган адамдар цивилизациябыздын акырын алып келиши мүмкүн.

Ооба бүгүн биз инка, мая цивилизацияларынын чокусуна жакындап келе жатабыз. Генетика жана биологияда акылдын, кыялдын чектерин буздук. Бул ийгиликти дагы жакшы бир дүйнө үчүн колдонуунун ордуна өз түрүбүздү өлтүрүү, жок кылуу жана эгемендигибиздин астына алуу үчүн колдонуудабыз. Бүгүн бардык өлкөлөрдүн быр жылдык коргонуу үчүн каржагандары менен дүйнөдөгү ачкачылык жана жокчулук маселесинин чечерин  билесиздерби?

Инкалар, азкетлер, маялар жана башка цивилизацияларды кургандардын гендерин алып жүрөбүз. Алардын неберелерибиз. Бир топ тармакта чоң аталарыбыздын  деңгээлине жеткенибизде ач көздүк жана өзүмчүлдүгүбүздүн туткуну болуп цивилизациябызды бир өлүм машинасына айландырууда ийгиликке жетишип баратабыз тилкке каршы. Аталарыбыз да  он миңдеген жыл мурда цивилизацияларын өз кызыкчылыгы үчүн колдонуштубу деп ойлойм. Себеби алардын гени менен биздин генибиз бир.



Тектеш кабарлар