Күн тартиби - 27

Жаңы энергетика жолдору жана жаңы кризистер

766773
Күн тартиби  - 27

 

Көптөгөн айлардан бери Египетке таандык Тиран жана Санафир  аралдарын Сауд Аравияга берүү маселеси сөз болууда. Аралдардын өткөрүлүп берилиши соккучу Сиси жактоочуларынын арасында да олуттуу талаш  - тартыштарга себеп болууда.

Эң кызыктуусу батыш дүйнөсүндө бул тууралуу эч бир макала жазылбагандай эле Жакынкы Чыгышта да үн чыгарган болгон жок.

Жер Ортолук деңизи менен Жакынкы Чыгыштын жана ошондой эле бүткүл дүйнөдө абдан чоң таасири боло турган Тиран жана Санафир аралдарын Сауд Аравияга өткөрүп берүү маселесин олуттуу мааниде изилдөөбүз керек. Себеби бул маселе эртең энергия  базарынын эң күчтүү конкуренция аянты болору шексиз.

Бул эки арал Акабе булуңун Кызыл деңизге байланыштырууда. Сина жарым аралы менен Тирандын арасы 84, 3 мил. Өткөн жумада Египеттин президенти Абдүлфеттах ел Сиси Сауд Аравияга берген Тиран жана Сина жарым аралынын арасындагы деңиз жолунун аты, эл аралык литературада «Египеттин ички жолу» деп аталган. Аралдардын Аравияга өткөрүлүп берилиши менен бирге бул статусу жоюлду. Мындан кийин Кызыл деңиздин кире бериши менен Акабе булуңунун чыгышы жаңы бир статуска жетишет. Жаңы статус башта булуң жээги болгон жана өзгөргөн статус менен бирге пайдаларында негатив багытта өзгөрүү боло турган бардык өлкөлөргө жаңы бир суроо жаратууда. Эч бир материалдык баасы болбогон, эч бир өсүмдүк өспөгөн ал түгүл кен болбогон бул эки арал эмне себептен Сауд Аравияга берилди? Бул суроонун жообун тапканда картинабыз толукталат.

Египеттин аралдарды Сауд Аравияга өткөрүп бериши менен бирге булуңдун кире бериши эми «эл аралык суу жолу» болду. Тактап айтканда бардык өлкөлөрдүн кемелери Акабе булуңуна эч кимден уруксат сурабастан ээн эркин кире алышат. Ушундайча Египеттин булуң кире беришиндеги бийлиги толугу менен бүтөт. Булуңга кирип чыгуулар текшерүүсүз болот. Булуңда Израилдин Елиат порту бар. Елиаттын маңдайында Жер Ортолук деңизинде да Ашдод порту бар. Израиль Ашдод менен Елиат портторунун арасына төшөй турган темир жолу менен бул жерди Суэц каналына альтернатив жол кылаары шексиз. Ушундайча Египеттин эң негизги киреше булагы болгон Суэцтин альтернативи болот. Мунун жыйынтыгында да Египеттин экономикасы чөгүү процессине кирет. Елиат портунун эл аралык статуска жетишип, аймактын эң чоң соода портторунун бирөөсү болору сөзсүз.

Баарынан да маанилүүсү Израиль армиясына Кызыл деңиздин каалгалары артына чейин ачылат. Израиль аскердик кемелеринин Сомали, Йемен же деңизге жээги болгон кайсы бир ислам өлкөсүнүн жакындарында якорь таштаганы үчүн пайда болгон кризистер тууралуу кабарларды алдыдагы жылдарда окуй алабыз.

Жаңы статустун Израилге бере турган башка бир мүмкүнчүлүгү да энергия  өткөрүү жолдоруна жаңы бир альтернатив жол ачуусу. Ушундайча Орусия менен булуң өлкөлөрүнүн Жер Ортолук деңиз менен Түркия аркылуу курууну пландашкан энергия жолдоруна сокку урулат. Энергетика экспортуна караштуу болгон орус  экономикасы да абдан олуттуу түрдө таасирленет.

Египеттин президенти Сисинин бул аралдарды сатуу ишине Египет армиясы менен соту да абдан олуттуу түрдө каршылык көрсөттү. Бирок Сисинин курган Египет парламенти келишимди бекитти. Келишим бекитилери менен дароо ишке кирди.

Бүткүл дүйнөнү кызыктырган бул сатуунун дүйнө медиасы тарабынан байкалбашы түшүнө турган абал эмес.

Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Бахрейн сыяктуу колордуктарда бийликтин медиадагы таасири жана күчү тартылыша албайт. Бул окуялар болуп жатканда Аль Жазиранын ээси болгон Катар мамлекети болсо абдан олуттуу дипломатиялык кризисти жашап жаткан. Башкача айтканда өз жанын койорго жер таппай жаткан. Суад жана өнөктөшү болгон башка королдуктардын «Катар менен диалог үчүн шарт Аль Жазиранын  жабылышы» беренесин эми түшүндүңүздөрбу?

Аль Жазира Жакынкы Чыгышта ойнолгон оюндарды чечмелеп араб коомчулугун ойготуп жаткан. Бул королдуктардын биринчи максаты тилекке каршы  бул басма сөз органы болду.

АКШ Катарды террорго колдоо берүү менен күнөөлөгөндөн беш күндөн кийин бул өлкөгө 10 миллиарддан ашуун курал сатуусу дүйнөнү таң калтырды. АКШ Сирияда ПЙД/ЙПГ террордук уюму менен союздаш болгондон кийин террорго колдоо берген бир өлкө менен да соода кылабы деген суроого себеп болду. Бирок ортого чыккан чындык бул болгон, Катар эч качан террорго колдоо бербегендей эле ДЕАШ террордук уюмуна каршы күрөшкөн Түркиядан кийинки экинчи өлкө эле. Катар Сирияда жарандарга миллиарддаган долларлык жардам берген өлкө. АКШ Катарга миллиарддаган долларлык курал саткандан кийин бул өлкөнүн террорго колдоо бербегендигин түшүндү. Бул окуя абдан маанилүү дипломатиялык тактика катары тарыхка өттү. Санафир жана Тиран аралдарын Сауд Аравияга өткөрүп берилишинен кийин Европа жана дүйнө базарына жеткириле турган энергия жолуна бир жаңысы кошулду. Израилдин мыйзамдуу болбогон Түштүк Кипр Рум башкаруусу менен Жер Ортолук деңизде нефть жана жаратылыш газ издөө ишин да ушул алкактан көрүү керек.

АКШ жана Израиль орус энергия коридоруна каршы жаңы бир коридор түзүү аракетинде. Бул аракеттеринен кйин Орусиянын Асадга таандык бир учактын атып түшүрүлүшүн шылтоолоп Сирия аба аянтын коалиция күчтөрүнө жапкандыгын билдириши жаңы бир суук дипломатия толкунуна себеп болду. Чыгарылган Катар кризиси Египеттин колундагы бул аралдардын Сауд Аравияга сатышын жабуу үчүн курулдубу деген суроо келет эске. Албетте бир гана жаңы кризистерге себеп боло турган бул аралдарды сатуу ишин жаап жашыруу үчүн Катар кризиси чыгарылган жок. Бир топ себептин бар экендиги шексиз.



Тектеш кабарлар