Кутубузга кат келди-2

«Кутубузга кат келди» аттуу программабызга эскерме жазган Айсулуу Тынышева...

684734
Кутубузга кат келди-2

Урматтуу окурмандар, мурдагы программабызда белгиленибиз сыяктуу «Түркия үнү» радиосунда угармандар сиздерден келген каттарды кайра сиздерге жана башка угармандарга угузуучу «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат. Жакшы көргөн түркчө ыры болсо ошол ырды да угузганга аракет кылабыз.

Анда , бүгүнкү программабызды баштасак, Түркия мамлекеттик радио теле каланы-ТРТ менен Кыргызстандын коомдук теле радио каналы-КТРКнын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында ТРТга  КТРКнын журналисттери, монтажерлору тажрыйба алмашууга келип турушат. Ошолордон бири Айсулуу Тынышеванын эскермеси келген эле. Бүгүн ушул эскермеге орун беребиз.

Эске сала кетсек учурда Айсулуу Тынышева КТРКнын Замана студиясында видео монтаж жасоо менен алектенет.

«Мен,Тынышева Айсулуу Мухтаровна Кыргызстандын тургуну,Кыргызстандын КТРКсында 2000- жылдан баштап узгултуксуз үзүрлүү иштеп келе жатам.Менин бул эмгек жолунда,2014-жылы үч уктасам түшүмө кирбеген бир чоң бурулуш болду десем жанылышпайм. Анткени,кудайдын буйругу менен КТРКнын жетекчилиги тарабынан Түркиянын Анкара шаарындагы ТРТсына тажрыйба алмашууга 3 айга жолдомо берилген. Анкаранын ТРТсындагы үч айлык эмгектенүүм менин эмгек жолундагы ийгиликтердин бири болгон. Ооба,уйдөн бир карыш чыксан,мусапыр болуп каласың деген сөз бар эмеспи. Чоочун эл,чоочун жер дегендей... Бирок,улуу түрк элинин жумшак мамилеси,шаарынын кооздугу,ТРТнын жамаатынын меймандостугу, адамгерчилиги мени мусапырланткан жок. Мен бат эле ал чөйрөгө көнүп кеттим. Албетте,ким болсо да элин-жерин,ата- энесин,тууган-туушкандарын сагынат.Менде дагы сагынуулар болду.Өзгөчө иш күнү бүтүп конок үйдөгү бөлмөбүзгө келгенде үйдү, үй-бүлөмдү, туугандарымды сагынып жүрдүм. Кээде жаздыкка жатканда ыйлаган кундөрүм да болду. Бирок,биздин бактыбызга ТРТнын радио бөлүмүндө эмгектенген Кыргызстандын кулуну , алтындай болгон Алмазбек агайыбыздын бизге болгон мамилеси бизди кусалыктан арылтып, көңүлүбүздү көтөрүп жүрдү. Алмазбек агайым жөнүндө айтсам пейили кенен,адамгерчилиги терең,жөнөкөй, даражасы асман тиреген ак калпактуу Ала-Тоосундай бийик экенин көрүп аябай кубанып жүрдүм. Алмаз агайыбыз бир тууганыбыздай бизге жол көрсөтүп, Анкара шаарынын кооздугун көрсөтүп, биз үчүн камкордук көрүп жүргөн эле. Мен Алмазбек агайымды көрүп ушундай да камкор инсан болобу?-деп да таң калып жүрдүм. Өзгөчө бир көргөн адамга Алмазбек агайыма өтө ыраазычылыгымды билдирип, ылайым Алмазбек агайымдын жолун эч ким тоспосун,жашоосунда жамандык болбосун,кайда журсө дагы жаратканы жар болсун демекчимин. Анкара шаары мага жакшы элестерди калтырды.Анкаранын элинин адамкерчилиги,шаарынын кооздугу,тазалыгы бири- бирине болгон сылык мамилеси айтып бүткүс деп ойлойм. Анкарага барганда,шаарын кыдырып көргөндө мага бир өзгөчө кыялдануулар, сүйүнүчтөр,толкундоолор болгон.ТРТнын жамааты менен бат эле көнүшүп кеттим. Ал жамааттын мээримдүүлүгү журөгүмдү жылытып,унутулгус элес калтырды. БИР ЭЛЕС. "Чомо чай"... Алгач, мени ТРТнын радио бөлүмүнө ээрчитип барышты андагы агай менен тааныштырды.Ал Алмазбек агай экен ,киргенде эле бизди жылуу маанай менен тосуп алды. Келгиле, чомо чай ичкиле-деп бизге чай берген эле. Ал чайдын жыты,даамы бир башкача сезилген. Кийин билсем ал чай биздин Ала- Тоонун атыр жыттуу чөптөрүнөн жасалган чай экен. Ал бизден барган чай болсо дагы, Алмазбек агайдын бизди жылуу кабыл алуусу чомо чайдын даамына даам кошкондой болду окшойт. Дагы бир жолу Алмазбек агайыма ыраазычылыгымды билдирип, салам жолдойм!!! Кыргызстандан Айсулуу».

Айсулуу айымга чоң рахмат айтабыз жана иштеринде ийгилик каалайбыз.

 



Тектеш кабарлар