Кутубузга кат келди-1

Кутубузга келген азил-тамашалуу эскермени тартуулайбыз.

682767
Кутубузга кат келди-1

Жаңы жылдын башталышы менен бирге жаңы уктуруулар, жаңы –жаңы программалар кошо келет биздей радио кызматкерлеринде...Жалпы эле медиа тармагында да ушундай болуш керек. Ал эми биздин радиодо «Түркия үнү» радиосунда угамандар сиздерден келген каттарды кайра сиздерге жана башка угармандарга угузуучу «Кутубузга кат келди» аттуу программа баштап олтурабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат. Жакшы көргөн түркчө ыры болсо ошол ырды да угузганга аракет кылабыз.

Түркия мамлекеттик радио теле каланы-ТРТ менен Кыргызстандын коомдук теле радио каналы-КТРКнын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында ТРТга 2013-жылдан бери КТРКнын журналисттери тажрыйба алмашууга келип турушат. Ошолордон бири Гүлбүбү Үсөнованын эскермеси келген эле. Бүгүн ушул эскермеге орун беребиз.  Алар 1-радиодон Гүлбүбү Үсөнова, Назира Молдокулова жана «Кыргыз радиосу» бирикмесинен Калчоро Көкүлов болуп  келишкен. Түркияга алгач ирет келишкендиктен бир канча күлкүнүчтүү, эсте калаарлык окуяларга күбө болушуптур. Анда күлгөнгө даярсыздарбы урматтуу окурмандар!

Оболу бир аз маалымдоо жасай кетели; түрк тилиндеги «мерхаба» деген сөз кыргызча «саламатсызбы?» дегенди берет. Эскерме да ошол мерхабанын айланасында болмокчу.

Гүбүбү айым буларды жазат; «2013-жылдын октябрь айында ТРТга тажрыйба алмашууга барып калдык. Башка кесиптештердей эле бул жолу кезек кесиптешим Назира Молдокулова экөөбүзгө келип жеткен болучу, биз менен бирге “Кыргыз радиосу ” бирикмесинен Калчоро Көкүлов агайыбыз да барды. Ошентип, эртең мененки саат 10 ( ондор) чамасында Стамбулдагы “Ататүрк” аэропортуна кондук. Учактан түшүп элдин шары менен кайра каттоодон өттүк да ички каттамдарды сурасак (мурда барып келген кесиптештерибиз, аэропортко түшкөндө ички каттамдар кайда? деп сурагыла дешкен ), бул жерде деп коюшту, ал жерде кезек күткөндөрдүн катары узун экен. Айтор эң акыры болуп үчөөбүз тизилип алдык. Алдыбызда түрк айымы турган, андан Анкарага ушул жерге турабызбы деп сурасак , башын ийкеп койду. Биз унчукпай туруп калдык, дагы деле санаабыз тынбай кайра сурасак, бизди таң калып карайт, анан Назира колу менен жаңсап, биз сиздин аркаңыздан кете берели, Анкарага барасызбы? десе ал чоочуп кеттиби , башын чайкап жиберди, ал жерде деги эле жарым сааттай туруп, кезегибиз жеткенде айнектеги түрк айымы өз тилинде башка жакты жаңсап көрсөткөндө , кайра каттам кете турган жерди эптеп издеп таптык. Андан ары карай Анкарадагы «Эсенбога» аба майданына келип кондук. Аэропорттон түшүп Назира экөөбуз жүктөрбүздү алып , Калчоро байкени күтсөк , агай жок. Дагы тура туралы чемоданын алганы келет дегенге чыдабай Назира кесиптешим, ошол жерде жүргөн күзөтчү айымга барып сурай баштады “Биз Кыргызстандан (манжасы менен көрсөтүп) үчөөбүз келдик, десе ал башын чайкайт, тушунбөгөндүгүн белги берип, анан кайра үч манжасын көрсөтүп , «биз 3 мерхаба келдик, бир мераба жок , таппай турабыз», оң колунун эки манжасын сол колунун алаканына тургуза калып, «тың,тың,тың кетти» деди. Ал дагы башын чайкап кетип калды, аңгыча үчүнчү мерабабыз келип калды. Көрсө Назира ойлоптур мераба деген сөз  киши деген маанини билдирет экен деп ... ”

Дагы бир аңгеме; Анкарада жүрөбуз. Ишемби күну Назира экөөбүз Анкаранын борбору "Кызылайды" кыдырып жүрүп, кечкурун келдик. Дароо эле кечки тамактанууга барып алып анан мейманканага өтөлү деген ой менен, ТРТны айланып баратсак, чоң-чоң иттер жүрүптүр, алардан корккон бойдон ТРТнын ичине кире качтык. Кароолчу бизди карап калды, ресторанга өтүп кетели десек, ичи менен эмес, сыртка чыгып баргыла дейт. Биз тушундүрүп бере албай, атаңгөрү кантип айтабыз эми дегенче болбой , шашма Назира , жоок деп башын чайкап , сыртка чыкпайбыз (колун оозуна такап алып ) ал жакта ав, ав (ит) жүрөт коркобуз десе , кароолчу тушунуп эшке чыгып бизди ресторанга дейре узатып койду...

Биздин веб барагыбызда ай сайын алмашып туруучу «Айдын суроосу» аттуу рубрикабыз бар. Ага жооп жазып белек алсаңыздар болот. Веб барагыбыз www.trt.net.tr/kyrgyz



Тектеш кабарлар