Күн тартиби-8

Түркия-Бахрейн карым-катнаштары

676906
Күн тартиби-8

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Манамага сапары убагында Түркия менен Бахрейндин ортосунда төрт кызматташтык келишимине кол коюлду.

Аты аталган келишимдерге Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак, улуттук коргоо министри Фикри Ышык менен президент Эрдоган жана Бахрейндин королу Хамид бин  Иса Аль Халифанын да катышуусунда кол коюлду.

Перс булуңунун түштүгүндөгү үч өлкөгө төрт күнгө созулган сапарынын биринчи аялдамасында жекшемби күнү Бахрейндин борбору Манамага барган президент Эрдоганга аты аталган кызматташтык келишимине кол коюлаар алдында Бахрейндин жогорку деңгээлдеги «Шейх Иса бин Салман аль Халифа» атындагы төш белги тагылды.

Төш белги тагылып жатканда Түркиянын президенти: «Түркия жакшы жана жаман күндөрүндө ар дайым Бахрейндин жанында болот»,-деди.

Президент Эрдоган сөзүн мындай улады: «Түркияда өткөн август айында жолугушуу өткөрүү менен катар оор күндөрдө жаныбызда болуп көңүлүбүздө да орун алгансыздар. Бул жолу да бул төш белгиси менен бизди сыймыктандырдыңыз».

Президент Эрдоган: «Мен бул төш белгини Түрк жана Бахрейн мамлекеттеринин достугу, ошондой эле түрк жана бахрейн элдеринин достугунун кепилдиги катары кабыл аламын. Айрыкча ушундай эле эрктүүлүк жана чечкиндүүлүктүн сиздерде да болгонун көргөнүмө абдан кубанып олтурамын»,- деди.

Президент Эрдоган: «Мусулмандар бир имараттын кирпичтери сыяктуу. Буга караганда эки өлкөнүн биргелешкен аракеттери аркылуу Түркия менен Бахрейндин ортосунда достуктун тамыр байлашы жана туугандыктын чыңдалышы үчүн күч жумшайбыз. Аймагыбыздын ынтымагы, тынчтыгы жана жаркын келечеги үчүн күчүбүздү бириктирип аракет кылаарыбызга ишенемин»,-деп айтты.

Айрыкча Аль Халифа Бахрейндин эң жогорку деңгээлдеги төш белгини президент Эрдоганга тагып жатып буларды айтты: «Сиз Ислам дүйнөсүнө кызмат кылуу үчүн абдан аракет кылып жатасыз».

Бул төш белгинин ыраазычылыктын жана чоң кубанычтын кепилдиги экенин белгилеген Аль Халифа, президент Эрдоганга: «Бул төш белги сиздин Ислам дүйнөсүнө карата аракет жана кызматтарыңыздан улам ыйгарылып жатат, анткени сиз Ислам дүйнөсүнө жана бардык адам баласына кызмат көрсөтүү үчүн аракет кылып жатасыз»,-деди.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жекшемби күнү Булуң өлкөлөрү менен байланыштарын күчтөндүрүүнү максаттаган сапарынын экинчи аялдамасы болгон Сауд Арабстанга барды.

Өзгөчө Сирия кагылышуусунда оппозицияга колдоо көрсөткөн эки суннит күчтүн ортосундагы алакаларда өткөн жылы оңолуу болду.

Жекшемби күнү сапарын баштоо үчүн Бахрейнге аттанаар алдында маалымат берген президент Эрдоган, түрк аскердик бөлүктөрүнүн жана сириялык шериктештеринин Эль Бабдын борборуна киргенин белгилеген.

Сауд королу Салмандын 2015-жылы бийликке келишинен бери Рияд менен Анкаранын ортосундагы карым-катнаштар абдан өнүктү. 2016-жылдын апрель айында король Салман президент Эрдоган менен жолугушту. Президент Эрдоган Салманга Мамлекеттик төш белги такты.

Түркиядагы Инжирлик базасында, террордук уюм ДЕАШка мүчө террористтерге карай Вашингтон тарабынан башкарылган коалициянын алкагында сауд согуштук учактары бар.

Дүйшөмбү күнү Манамада маалымат берген президент Эрдоган, Сириянын түндүгүндөгү кагылышуулардын айынан үй-жайларынан ажыраган адамдар бара турчу коопсуз аймактын түзүлүүсү чакырыгын айтты.

Сауд тышкы иштер министри Адил Аль Жубейр өткөн жумада Анкарада эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды бекемдөө максатында өткөрүлгөн Координация кеңешинин биринчи жыйынындагы сөз сүйлөөсүндө, Сауд Арабстан менен Түркиянын Сирия темасындагы мамилелеринин бирдей экенин белгилеген.



Тектеш кабарлар