Түркия жана Евразия карым-катнаштары-5

Түрк Кеңешинин энергетикалык потенциалы

668062
Түркия жана Евразия карым-катнаштары-5

 

Түрк Кеңешинин энергетикалык потенциалы

Түрк Кеңеши мүчөлөрү менен катар Евразия/Түркистан аймагынын экономикалык-энергетика саясатында булак жана багыт жагынан маанилүү орунду ээлейт. Биз да бул жумадагы программабызда Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

  Суук согуш мезгилинин аякташынан кийин толук бүткөрүлбөгөн өзгөрүү жана өнүгүү  процессине кирген эл аралык системадагы бул өзгөрүү менен өнүгүүнүн кандай жыйынтыкталаары так эмес. Бирок айрым жагдайлардын жакынкы келечекте өтө маанилүү болоору да белгилүү. Капиталдын кыймылы, соода иштери жана технологиялык өнүгүүлөр улуттук мүнөзгө ээ болуп барган сайын жайылуууда. Бул жайылуу жана тыгыздашуу сырткы кызыкчылык топторду жана ар түрдүү улуттарга ээ болгон адамдарды бири-бири менен тыкыс байланыштырууда. Ушул алкакта Түрк кеңеши ар кайсы багыттагы тажрыйбасы менен кылдат токтолушу керек болгон уюм болуп саналат.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңеши (Түрк кеңеши) Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү максатында эл аралык уюм катары 2009-жылы түзүлгөн. Түрк кеңешинин куруучу мүчөлөрү Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия болуп саналат. Түркмөнстан «туруктуу тарапсыз мамлекет» статусунан улам, Өзбекстан болсо айрым саясий себептерге байланыштуу кеңешке мүчө болгон эмес.

Түрк кеңеши, мүчөлөрү менен катар Евразия/Түркстан аймагынын экономикалык-энергетика саясатында булак жана багыт жагынан маанилүү орунду ээлейт. Биз программабызда алгач мүчөлөрдүн энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн айтып беребиз.

Азербайжан

2016-жылдагы дүйнөлүк статистикалык көрсөткүчтөргө караганда Азербайжан дүйнө жүзүндөгү мунай зат резервдеринин 4 пайызына ээ. Жалпы резерви болсо 7 миллиард баррель. 2015-жылы күнүмдүк орто эсеп менен 841 миң баррель өндүрдү жана мунун 99 миң баррелин өзү пайдаланды. 2015-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда жаратылыш газында болсо дүйнөлүк резервдин 0,6 пайызына жалпы 1.1 триллион м3 резервге ээ. 2015-жылы 18 миллиард м3 өндүрдү жана 9.8 миллиард куб метрин өзү колдонду. 7.8 миллиард м3 болгон газ экспортунун 5.3 миллиард куб метрин Түркияга жана 2.1 миллиард куб метрин болсо Европага экспорттоду.

Казакстан

2016-жылдагы дүйнөлүк статистикалык көрсөткүчтөргө караганда Казакстан дүйнө жүзүндөгү мунай зат резервдеринин 1.8 пайына (30 миллиард беррель) эгедер. 2015-жылы күнүмдүк орто эсеп менен 1669 миң беррель өндүрдү жана мунун 271 миң беррелин өзү пайдаланды. 2015-жылдан тарта газ тармагында болсо дүйнөнүн 0,5 пайызына жана 0,9 триллион куб метр резервге ээ. 2015-жылы 12.4 миллиард куб метр газ өндүрдү жана 8.6 миллиард куб метрин өзү пайдаланды. Казакстан Кытай менен Орусияга кээде аз да болсо газ экспорттоодо жана бул өлкөлөрдүн Түркмөнстан менен болгон газ кууру багытында орун алыщы да Казакстанды газ тармагы жагынан маанилүү кылууда.

Кыргызстан

Кыргызстан мунай зат булактары жагынан энергетикалык ресурстарга бай өлкө эмес. АКШнын энергетика маалыматын башкаруу уюму баш болгон бул тармакта Кыргызстан тууралуу жазылган көрскөткүчтөр жокко эсе. Кыргызстан мунай зат жана газ муктаждыгын импорт жолу аркылуу камсыздоодо.

Түркия

2016-жылы Түркиянын мунай зат акционердик коомунун (ТПАО) Чийки мунай зат жана газ сектору боюнча отчетуна караганда 2015-жылы Түркияда күнүгө 51 миң беррель чийки мунай зат өндүрүлдү, буга карабастан күнүгө 796 миң беррель мунай зат колдонулду. Ал эми күнүмдүк 503 миң беррель деңгээлинде чийки мунай зат импорту, күнүмдүк 242 миң беррель деңгээлинде болсо иштетилген мунай зат импорттолду. 2015-жылы жергиликтүү мунай зат өндүрүшү жалпы талаптоонун  6,4 пайызын түздү. Түркиянын 2015-жылы жергиликтүү газ өндүрүүсү болсо жалпы талаптоодо акыркы он жылдын эң төмөнү деңгээлин көрсөтүп 0.8 пайыз болду.

2008-жылы 1 миллиард метр кубга жеткен газ өндүрүшү, 2015-жылы 398,7 миллион метр кубга азайды. Б.а мунай зат жагынан импортко көз карандылык көрсөткүчү 93,6 пайыз болгон Түркиянын газ жагынан алганда импортко көз карандылыгы 99,2 пайызга жетти.

Кыскасы уюмдун мүчөлөрүнүн жалпысынан алганда газ тартышыгы болгону сыяктуу мунай зат ашыкчасы бар. Жаратылыш газдагы тартыштык жаңылана турчу энергия тармагындагы инвестициялар менен камсыздалса өз энергетика маселесин чече алат. Түрк кеңеши көптөгөн өкмөттөр аралык маданий жана кызматташтык уюмдарынын координациясынан жооптуу чатыр уюм катары экономикалык жана энергетикалык потенциалы жагынан Европа Биримдиги сыяктуу түзүлүшкө жете тургандай мүмкүнчүлүктөргө эгедер. Бирок мүчө өлкөлөрдүн учурдагы экономикалык, саясий күчү жана дүйнөлүк шарттардан улам бул узак мөөнөттүү максат катары каралышы керек.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар