Күн тартиби - 6

Түркиянын Африка саясаты

669914
Күн тартиби - 6

Түркия колониячыл күчтөр сыяктуу көз карандылык, колониячылдыкты жаратуунун ордуна, Африкада теңдик, тактык жана улантууга боло турган негиздерге таянган саясат жүргүзүүдө.

22 – 25 -  январда президент Р. Т. Эрдоган үч Чыгыш Африка өлкөсүнө сапар менен барды: Танзания, Мозамбик жана Мадагаскар. Сапар Түркиянын 2005 – жылы баштатылган жана азыр да улантылып жаткан «Африка демилгеси» саясатынын бир бөлүгү катары Африка континенти менен болгон карым – катнаштарды кеңейтүүнү жана тереңдетүүнү максат кылууда.

Эрдоган акыркы он жылдын ичинде биринчи премьер – министр андан кийин да президент катары 23 Африка өлкөсүнө 30дан ашуун сапарды ишке ашырды – африкалык болбогон бир лидер үчүн бул рекорддук деңгээлдеги сапар. Бул сапарлар Африка элдери менен жаңы эки тараптуу карым – катнаштарды өнүктүрүп, Түркиянын Африкага байланыштуу стратегиялык көз карашынын да бир көрсөткүчү болду. Түркия 2004 -  жылы саны 12 болгон элчилик санын 2016 -  жылы 39га чыгарып, Африкадагы дипломатиялык мекемелерин көбөйттү. 2012 – 2013 -  жылдары Түркия Африкадагы түрдүү жардам программаларына 800 миллион Америка долларына жакын жардам берди.

Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги ТИКАнын Африкада 16 бюросу бар; булар жаңы суу кудуктарын куруудан клиника ачууга, дыйкандарга билим берүүдөн тарыхый курулуштарды рестоврациялоого чейин континенттик масштабда жүздөгөн проектини ишке ашырды. Айрыкча ондогон Түрк жарандык коом мекемеси жана жардам мекемелери муктаж болгон кишилерге активдүү жардам беришүүдө. Буга Африка элдери тарабынан да жооп берилди. 2008 -  жылы Африка Биримдиги Түркияны стратегиялык өнөктөш катары белгиледи. Биринчи болуп Түркия – Африка саммити ошол эле жылы Стамбулда өткөрүлүп, артынан да Малабо, Эквадор Гвинеясында 2014 -  жылы башка саммит өткөрүлгөн.

Үчүнчү саммиттин 2019 -  жылы Түркияда өткөрүлүшү күтүлүүдө. Он жыл мурда Түркиянын Африка менен болгон жалпы соодасы 3 миллиард Америка долларынан аз болгон. Бүгүн болсо соода көлөмү 25 миллиард  Америка долларын ашты. Түрк аба жолдору 30дан ашуун Африка өлкөсүндө 40ка жакын жерге учуп жатат – бул сан дүйнөдөгү башка эл аралык аба жолу фирмаларынын учкан жерлеринен ашыкча. Отуздан ашуун Африка өлкөсүнүн Түркияда дипломатиялык миссиясы бар. Африка өлкөлөрүнөн келген 5 миңден ашуун студент Түркияда толук стипендия  менен билим алууда.

Африка бай табигый булактарга, жаш жана динамикалуу калкка жана чоң өнүгүү потенциалына ээ. Бирок бул байлыктын ичинде жакырдык ичинде жашаган өлкө. Көптөгөн Африка өлкөсү үчүн саясий ырааттуулук, террорго каршы күрөш, жакырдыктын ортодон жок кылынышы жана улантууга боло турган өнүгүү негизги алдыңкылыктар.

Түркия Африкада «жайылуу – кеңейтүү саясатын» жүргүзүүдө. Көз карандылыкты, колониячылдыкты жаратуунун ордуна, саясий теңдик жана бири бирине карата экономикалык өнүгүүгө көңүл бурууда. Африка элдерине жардам берүүнү «Африканын маселелери үчүн Африканын чечүүчү жолу» деп жыйынтыктала турган  демилгени аткарууну каалап жатат. Ушул максатта Түркия континент масштабында программаларды, африкалык студенттерди жана мамлекеттик кызматкерлерге түрдүү тармактарда  билим берүү үчүн ишке ашырууда жана Африка элдерине аларды күчсүздөнтүүнүн ордуна күчтөндүрө турган жардам берүү. Түркия 2011 -  жылдан бери кароосуз калган Африка өлкөсүнө ачкачылык, кургакчылык, ашыкча жакырдык жана терроризм менен күрөшүү үчүн дүйнөлүк масштабда жардам кампанияларын жүргүзүүдө. Коомдук жана менчик сектор менен бирдикте Түркия 1 миллиард Америка доллары жардам берген жана инвестиция салган. Сомалинин коопсуздук жана экономикалык өнүгүү боюнча басып өтө турган дагы көп жолдун бар экендигине карабастан алты жыл мурункусуна караганда бүгүн дагы жакшы абалда.

Африка элдери да Түркиянын бул кеңейүү саясатына оң түрдө жооп берген. Акыркы жылдарда жогорку деңгээлде  жасалган сапарлар артты. Айрыкча түрк фирмалары, Танзаниядагы 2000 километрдик темир жолу проектиси, Мозамбиктеги арзан коомдук турак  - жайлардын курулушу, Мадагаскарда энергетика  станцияларынын курулушу, Африка өлкөлөрүндө цементтен  кийимге жана электроникага чейин көптөгөн тармакта өндүрүштүн ишке ашышы менен миңдеген африкалыкка өз өлкөлөрүндө жумуш менен камсыз кылынышы сыяктуу көптөгөн проектилерди аткарды.

Президент Эрдоган бул жаңы мезгилге жеке өзү жол башчылык кылды. Бир гана Африка элдери менен жолугушуп, алардын лидерлерин Түркияда кабыл алуу менен эле калбастан ошол эле учурда иш дүйнөсүн, университеттерди, изилдөө борборлорун, туризм агенттиктерин жана жөнөкөй жарандарды Африка менен киришкен бул күчтөнүү карым – катнашына кошулушу үчүн колдоп жатат. Эрдоган баары үчүн бири бирине ишеним ичинде бардык маселелерди чечүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү.

Бул кыймылдын бир бөлүгү катары Түркия Африка өлкөлөрүнөн Фетуллахчы террордук уюмга мүчө киши жана мекемелердин ал өлкөлөрдөгү иш аракеттерине уруксат бербеши керектигин суранган. ФЕТӨ өткөн жыйырма жылда Түркиянын мүмкүнчүлүктөрүн жана кадыр баркын колдонуу менен ондогон Африка өлкөсүнө жайылган. Эми болсо 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин чыныгы күбөлүгү ачыкка чыккан жана көптөгөн Африка өлкөсү бул коркутуу жана коркунучка каршы позитив  кадамдарды таштай баштаган. Африкалык бир туугандарыбыз билиши керек болгон нерсе бул секта бир гана Түркия үчүн эле эмес, өз өлкөлөрү үчүн да улуттук коопсуздук маселеси. Себеби бул группа саясий күчтү чогултуу жана андан кийин ага каалгаларын жана жүрөгүн ачкан бул өлкөлөргө каршы бул күчтү колдонуу үчүн бардык нерсени аткарат.

Түркиянын Африкадагы саясаты теңдик, тактык негизине таянган күчтөнүү саясаты. Бирок бир гана заманбап кулчулуктун, колониячылыктын жана көз карандысыздыктын жаңы көрүнүштөрү акырына чыгып жана булардын ордуна 21 -  кылымда Африка континентинин руху жана салты менен шайкеш түрдө африкалыктардын өз потенциалдарын өнүктүрүшүнө уруксат бериле турган болсо ишке ашышы мүмкүн.

Түркиянын Африка саясаты  мына ушул максатта жасалган жөнөкөй бирок маанилүү салым катары көрүнүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар