Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш-43

Түркиянын Мосул кылдаттыгын түшүнүү

597015
Түркия терезесинен Жакынкы Чыгыш-43

Анкара менен Багдаддын ортосундагы Иракта түрк аскерлеринин болушу жана Мосул операциясында түрк аскерлеринин алышы керек болгон ролу темасында өткөн күндөрдө чыңалуу пайда болгон. Акыркы келип жеткен жерде тараптардын эки тараптуу мамилесинде жумшаруу көрүнгөнсүйт. Бул болсо азырынча убактылуулук ыктымалы жогору макулдашуу пайдубалын түзүп берди. Акыркы абалга карасак түрк аскерлери Мосулга кирбейт. Ал эми Багдад өкмөтү да Түркиянын Иракта аскерлери болушун маселеге айлантпайт. Айрыкча Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибадинин маалымдаганына караганда Суннит калктын каршы чыгуусун тарткан Хашди Шааби согушкерлери да Мосулга кирбейт. Бирок Түркия машыктырган Мосул облусунун калкынан турган Хашди Ватани согушкерлеринин операцияда орун алышы кабыл алынды.

Бир тараптан Түркия жана Ирактын ортосунда түзүлгөн делегациялар да бири-бирине келе башташты. Премьер-министр Бинали Йылдырымдын айтканына караганда түрк учактарынын Мосул операциясына колдоо көрсөтүшүнө чечим чыгарылды. Түркия Парижде өткөрүлө турган Мосул жыйналышына да чакырылды.

Түркиянын Мосул операйиясында теңдеменин тышында калбаш үчүн үнүн бийик чыгарышына айрым чөйрөлөр тарабынан атайын жаңылыш серептер салынды. Бул окуянын Түркиянын Осмон мамлекетинин мураскери катары аймакта үстөмдүгүн курууга аракет кылышы менен эч байланышы жок. Ирак жана Сирияда болгон жарандык согуштарга карата Түркиянын адам жагынан дагы коопсуздук жагынан дагы окуяларга кайдыгер калышы мүмкүн эмес. Эки өлкө менен тең узун чек арасы болгону үчүн Түркия бул өлкөлөрдүн өлкөнүн келечеги темасында мамиле курууга мажбурдуулугун сезүүдө. Мына ушул мажбурдуулук Түркияны Мосул операциясында аянтта болууга түртүүдө.

 Муну кабыл алыш керек, Мосул Түркия жагынан абдан чоң мааниси болгон өзгөчөлүккө ээ. Жакынкы Чыгыш кайрадан формалана турган ушул мезгилде Түркия Мосулдун келечеги темасында сезимтал болууга аргасыз.  Мосул операциясынан кийин белгилениши кыйын болгон күч боштугу темасы Анкараны акылуу түрдө кооптондурууда. Мосулда башкаруу жана коопсуздукка жооп бере турган күч катары кимдин үстөмдүк кыла турганы темасы да Түркия жагынан алганда абдан маанилүү. Айрыкча 1980-жылдардан бери Түркиянын коопсуздук маселесинде борбордук мааниге ээ болгон ПКК уюмуна аянт ачылышына карата кыйыр мамилесин улантуусу мүмкүн эмес эле.

Чындыгында Түркияны кооптондурган мындай тема бар; ПКК Мосулдун батышындагы Синжарда накталай жана аскердик башкаруу курган абалда. Террорист уюм, Синжарда жашаган жергиликтүү калкты үгүттөп Ирактан тартып Сириядагы ПЙДнын көзөмөлүндөгү аянтка чейин таасирдүү болууга аракет кылып жатат. Түркиянын негизги санааркоосу Иракта келип чыга турган күч боштугунун ПКК жана ДЕАШка окшогон башка террордук уюмдар тарабынан толтурулушу. Синжардын борбору ДЕАШтан тазаланды; бирок Багдад бул жерде толук үстөмдүк кура алган жок. ДЕАШтан тазаланган башка отурукташкан жерлерде келип чыккан абалды да эске алган Түркия ушундай эле абалдын Мосулда да пайда болушун каалабайт. Мосулдагы коомдук түзүлүштү жана саясий тең салмактуулукту мүмкүн болушунча коргоону каалайт. Нури аль-Малики мезгилиндеги жаңылыш жана кыстоочу ишке ашыруулардын сунниттерге терс таасири, башка шаарларда болгону сыяктуу Мосулда да ДЕАШтын күчкө ээ болушунда өбөлгө болгон. Ушул себептен Түркия, Хашди Шаабинин Мосулга кире турган күчтөрдүн арасында болушун туура көргөн жок. Бул абал учурдагы мамиле солгундоосун дагы да тереңдетти. Мосулда боло турган этникалык жана секта тектүү жаңы кагылышуулар Ирактагы жана аймактагы учурдагы маселелерди дагы да баш аламандуу абалга алып келмек.

Мосул операциясын абдан маанилүү кылган башка бир тема болсо Иракта күчөгөн Ирандын басымдуулугу жана мунун Багдад башкаруусунун саясаттарындагы таасири. Бул абал Анкараны аймактык тең салмактуулукту сактоочу кадамдарды таштоого түртүүдө. Мунун табигый натыйжасы катары да Түркия-Күрт башкаруучулугу-суннит арабдардын арасында орток санааркоолордун пайдубалы түзүлгөн абалда.

Тилекке каршы 2003-жылдагы АКШнын жаңылыш саясаттарынын чыгарылышы катары суннит-шиит араздашуусу учурда Иракта абдан күчөгөн абалда. Мындай абалда Мосулдун кимдер тарабынан «куткарыла» турганы чоң мааниге ээ. Ушул себептен Хашди Шааби согушкерлеринин арасындагы радикалдык элементтердин өткөндө башка шаарларда кылгандары эске алынышы керек. Президент Эрдоган да акылуу түрдө бул абалды баса белгилөөдө.

Хашди Шаабинин улам эле ДЕАШтан тазаланышы үчүн курчалган шаарларды таштаган жарандарга карай кол салуулары менен күн тартипке келгени белгилүү. Адам укуктарын байкоо комитетинин 9-июнда жарыялаган отчету да Хашди Шаабинин сотсуз өлүм жазасын аткаруу, кыйноо, жоголуулар жана тарпы чыккан өлүктөр боюнча жооп бере турганын белгилеген. Айрыкча адам укуктарын байкоо комитети бул түзүлүштүн Мосул операциясында роль албоосун да талап кылды. 18-июлда да Эл аралык Мунапыс Уюмунун шиит согушкерлерди согуш кылмышын кылгандары менен күнөөлөгөн 70 барактык отчету жарыяланды.

ДЕАШтан тазаланууга аракет кылынган шаарларда элдин жалпысы согушкерлер менен акылуу түрдө байланышкысы келген жок жана бул абал ушундай уланууда. Учурдагы абалды көрмөксөнгө салуу аймактагы секта чыңалуусунун тереңдешине алып барат. Операциялардан кийин ДЕАШтын Мосулдан тазаланышын аскердик ийгилик катары кароо жана муну менен чектелип калуу чечим табуу болбойт. Ийгиликтин өлчөмү жана өлчөөсү саясий болууга аргасыз. Феллужа калкы үчүн борбордук өкмөттүн шаарды ДЕАШтан тазалоосу канчалык чыныгы түшүнүктөгү кутулуу катары көрүнбөсө, ошол эле абал Мосул калкынын көпчүлүгү үчүн да жарактуу.

Ушул жагынан алганда Мосул тазалангандан кийин мосулдуктардын өздөрүн коопсуз сезүүлөрү үчүн коопсуздук жоопкерчилигинин жергиликтүү эл катмарларынын колунда болушунан башка альтернатива жок. Багдад бийлиги Ирактын борбордук өкмөтүнүн жана эл өкүлдөрүнүн алдындагы сынак жалгыз Мосулду «тазалоо» эмес. 2003-жылдан бери такыр аткара албай келгенин аткарышы керек.  Бул болсо Мосул калкынын көңүлүн алуу менен гана болот.

 



Тектеш кабарлар