Түрк улутунун эрдиги

15-июлдагы мыкаачылык козголоңдон бери тарых жазган түрк улуту, дастандай болгон бул чыгармасына Стамбул Йеникапыдагы «Демократия жана шейиттер» митингинде туу чокуга чыгарды.

546923
Түрк улутунун эрдиги

15-июлдагы мыкаачылык козголоңдон бери тарых жазган түрк улуту, дастандай болгон бул чыгармасына Стамбул Йеникапыдагы «Демократия жана шейиттер» митингинде кол койду.

Бул улуттун үстүнө 3 жума мурда бомба ташталды...

Көчөлөрдө аскер кейпиндеги чыккынчылардын танка жана автомат менен кол салууларында 239 киши шейит болду.

Мындан 3 апта мурда көз карандысыздыгына кастык кылынды, жерлери басып алуунун босогосунан кайтты, эгемендиги тартылып алынгысы келди...

Бул улут Парламенти кулатылып жабыла турган, президенти өлтүрүлүп, чек аралары кайрадан чийиле турган мыкаачылык сценарийди четке какты.

Ал тургай 22 түн бою аянттарда күндүн чыгышын күтүп, караңгы түндүн жарык шоолаасы менен бөлөнүшүн көргөндөн кийин үйлөрүнө кайтып жатты жана 23-күн Стамбулда президент Режеп Таййип Эрдогандын чакырыгы менен мен бул партияданмун, мен бул этникалык тектенмин дебестн колуна Түркия желегин көтөрүп бир үн, бир дем болушту.

Бул улут 15-июль түнү коргоп калган демократиясынын, республикасынын жеңишин Стамбул Йеникапыда өлүмсүздүк менен майрамдады.

Бир убакта Диярбакырдан Эдирнеге чейин, Антальядан Синопко чейин көчөгө чыгып «Түркия бөлүнбөйт» ураандарын чакырып, Пенсилваниядагы ошол чыккынчыга жана ал жыланды баккандарга айгай салды.

Сириядан, Ооганстандан, Ирактан Түркияга баш калкалаган, мекен сүйүүсүн ушул жерден көргөн жүз миң кишини да арасына кошуп алды.

Улуу Түрк улуту.

Сен кандай улуусун.

Каны бирди сыймыктандырып, чет элдикти кызгандыруудасын.

Досуңа ишенм берип, душманыңды сестентүүдөсүң.

Боштондук гимниң менен бардык шейиттерди эскерип, Байрагың менен көз карандысыздыкты түбөлүккө чыңдоодосун.

Кандай ыйман болду экен сеники, өлтүрүлгөнү жатканда кайра туулган, чөгөтүлгөнү жатканда кайра күч кубаттануудасың!

 



Тектеш кабарлар